Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Байыркы убакта жылдар менен айларды кантип эсептешчү?

КУДАЙ убада кылган жерде жашаган еврейлерде жыл жер айдоо, үрөн себүү менен башталчу. Бул болсо азыркы сентябрь/октябрь айларына туш келет.

Ошол кездеги адамдар айдын узактыгын айдын айланышы менен эсептешчү (ар бир ай 29 же 30 күндү түзчү). Ал эми жылды жердин күндү бир айланышы менен эсептешчү. Бирок айдын айланышы менен эсептелген жыл жердин күндү бир айланышы менен эсептелген жылдан бир аз кыскараак болчу. Ошол себептен алар ошол убакытты бири-бирине төп келтириш үчүн бир нерсе ойлоп табышы керек эле. Ан үчүн айларга кошумча күндөрдү же маал-маалы менен, сыягы, кийинки жыл башталар алдында ага бир ай кошуп коюшчу. Мунун аркасында календарь үрөн себүү же оруп-жыюу мезгилдерине туш келип кала турган.

Бирок Мусанын күндөрүндө Кудай өзүнүн элинде жыл абиб же нисан айында, жаз айында, башталышы керектигин айткан (Чыг. 12:2; 13:4). Ушул айда болгон майрам арпаны оруп-жыюу маалына туш келчү (Чыг. 23:15, 16).

Эмил Шурер аттуу окумуштуу бир китебинде мындай деп жазган: «Эл кошумча күндөрдү же айларды кошуш керекпи, жокпу, оңой эле аныктай алган. Пасах майрамы нисан айында (14-нисанда) ай толгондо белгиленчү жана ал майрам дайыма жазгы күн-түн теңелүү мезгилине туура келиши керек болчу. Ошондуктан эгер жылдын аягында Пасах майрамы жазгы күн-түн теңелүү убагына дал келбей кала турган болсо, нисан айынын алдында бир ай, [13чү] ай, кошула турган» («The History of the Jewish People in the Age of Jesus Christ, (175 B.C.–A.D. 135)»).

Жахабанын Күбөлөрү Иса пайгамбардын өлгөн күнүн качан белгилешти аныктаарда ушул ыкманы колдонушат. Ал азем жаз айында, еврей календары боюнча 14-нисанда, белгиленет. Анын качан болору бүт дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарга алдын ала айтылат *.

Бирок еврейлер ай качан башталып, качан соңуна чыкканын кантип билишчү? Бүгүнкү күндө биз муну кагаз түрүндөгү же электрондук каражатыбыздагы календардан оңой эле билип алабыз. Ал эми байыркы учурда бул оңой-олтоң иштерден эмес болчу.

Топон суу болгон убакта бир ай 30 күнгө созулган (Башт. 7:11, 24; 8:3, 4). Кийинчерээк болсо еврейлердин календарында бир ай туура 30 күндү түзбөй калган. Анткени ал календарь боюнча жаңы айды ай жаңырар замат эсептеп башташчу. Өткөн айдан баштап эсептегенде бир ай 29 же 30 күндү түзүп калчу.

Ыйык Китепте бир жолу Дөөтүнүн да, Жонатандын да жаңы айдын башталганы жөнүндө: «Эртең ай жаңырат»,— деп айтышканы жазылган (1 Шем. 20:5, 18). Демек, б.з. 11-кылымына чейин айлар алдын ала эсептелип калган көрүнөт. Анда ысрайыл элинде карапайым адамдар жаңы айдын башталганын кантип аныктай алышчу? Мишнада, жүйүт элинин ооздон оозго өтүп келген мыйзамдарынын жана каада-салттарынын жыйындысында, бул тууралуу бир аз маалымат камтылган. Анда жүйүттөр Бабыл кулчулугунан кайтып келгенден кийин айларды эсептегенге Синедрион, жүйүттөрдүн жогорку соту, жооптуу болгону айтылат. Майрамдар өткөрүлгөн жети айдын ар бир 30чу күнүндө ал сот чогулуп турчу. Алар кийинки айдын качан башталарын аныкташчу. Эмнеге таянып аныкташчу?

Иерусалимдин тегерегиндеги бийик жерлерге коюлган күзөтчүлөр түнкү асманга көз чаптырып айдын жаңырганын карап турушчу. Айды көрөрү менен алар бул тууралуу Синедрионго билдире турган. Айдын чындап эле жаңырганына жетиштүү далилдерди чогулткандан кийин Синедрион жаңы айдын башталганын жарыялачу. Бирок асманды булут чалып же туман каптап айдын жаңырганы көрүнбөй калсачы? Андайда жаңы ай башталганга чейинки айдын 30 күнгө созулганын, эми жаңы ай башталганын жарыялашчу.

Мишнада жазылгандарга ылайык, Синедриондун чечими Иерусалимге жакын жайгашкан Зайтун тоосунун чокусуна от жагып, ошол аркылуу жарыяланчу. Бул жаңылыкты элге таратыш үчүн Ысрайылдын дагы башка бийик жерлеринде от жагылып белги берилчү. Ошентип, Иерусалимдеги, бүтүндөй Ысрайыл жериндеги жүйүт эли жана башка жерлердеги жүйүт жамааттары жаңы айдын башталганынан кабар алышчу. Ошонун аркасында баары жыл сайынкы майрамдарды бир учурда белгилей алышчу.

Еврей календарындагы айларды, майрамдарды, мезгилдерди жакшыраак түшүнүш үчүн таблицаны карасаңар болот.

^ Карагыла: br2, 18-б., ор.; «Күзөт мунарасы», 1978-ж., 1-май, «Окурмандардын суроолору», ор.