Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба өзүнүн ысмын түбөлүккө даңктайт

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

2020-жылдын июнь айына чыккан «Күзөт мунарасындагы» «Сенин ысмың ыйыкталсын» деген макала Жахабанын ысмына жана анын эгедерлигине байланыштуу түшүнүгүбүздү кандайча тереңдетти?

Ал макаладан бардык аң-сезимдүү жаратуулардын бир маанилүү талаш суроого катышарын билгенбиз. Бул — Жахабанын улуу ысмынын ыйыкталышы. Бул талаш маселе өз ичине эки нерсени камтыйт. Биринчиден, Жахабанын эгедерлиги, тагыраак айтканда, анын эң мыкты Башкаруучу экенинин далилдениши. Экинчиден, адамдардын ага кынтыксыздыгын сакташы.

Эмнеге азыр Жахабанын ысмына жана анын ыйыкталышына өзгөчө басым жасалып калды? Мунун үч себебин карайлы.

Шайтан Эйден багындагы козголоңдон бери Жахабанын ысмына жалаа жаап келет

Биринчиден, Шайтан Эйден багынан Жахабанын атына, аброюна, кол салган. Ал Обо энеге куулук менен суроо бергенде Жахаба сараң, кол алдындагыларга акылга сыйбаган талаптарды коё берген Кудай деген ойлорду кыйытып айткан. Анан Жахабанын сөздөрүнө таптакыр карама-каршы сөздөрдү айтканда Кудайды калпычы кылып көрсөткөн. Ошентип, Жахабанын ысмына жалаа жапкан. Ошондон кийин «жалаачы» дегенди билдирген «Ибилис» деген атка конгон (Жкн. 8:44). Обо эне Шайтанга алданып, Кудайга баш ийбей, анын эгедерлигине каршы чыккан (Башт. 3:1—6). Ошондон бери Шайтан Жахабанын кандай Кудай экенине байланыштуу ар кандай калптарды жайылтып, анын ысмына көө жаап келет. Ушул сыяктуу калпка алдангандардын Жахабага баш ийбээри турган иш. Жахабанын эли анын ыйык ысмына жалаа жабылганы барып турган адилетсиздик деп эсептейт. Дүйнөдө болуп жаткан азап-кайгынын жана ыймансыздыктын тамыры мына ушунда.

Экинчиден, бардык жаратуулардын жыргалчылыгы үчүн Жахаба өзүнүн ысмын жалган жалаадан тазалап, ыйыктайт. Ушул нерсе Жахаба үчүн баарынан маанилүү, ошондуктан ал: «Мен... улуу ысмымды ыйыктайм»,— деп айткан (Жез. 36:23). Иса: «Ысмың ыйыкталсын»,— деп айтканда Кудайдын кызматчылары биринчи кезекте ушул тууралуу тиленгени маанилүү экенин айкын кылган (Мт. 6:9). Ыйык Китепте Жахабанын ысмынын ыйыкталышынын абдан маанилүү экени кайра-кайра баса белгиленет. Буга төмөнкү аяттар мисал боло алат: «Жахабанын ысмын даңктагыла» (1 Жылн. 16:29; Заб. 96:8); «Анын ысмын даңктап ырдагыла» (Заб. 66:2); «Ысмыңды түбөлүккө даңктайм» (Заб. 86:12). Бир жолу Иса Иерусалимдеги ибадатканадан: «Ата, өз ысмыңды даңкта»,— деп тиленгенде, Жахаба асмандан: «Даңктадым, дагы да даңктайм»,— деп жооп берген (Жкн. 12:28) a.

Үчүнчүдөн, Жахабанын узак мөөнөттү камтыган ой-ниети, анын ысмы, тагыраак айтканда, аброю менен байланышта. Булар тууралуу ойлонуп көрсөңөр: Машаяктын миң жылдык башкаруусунун соңунда боло турган акыркы сыноодон кийин эмне болот? Аң-сезимдүү жаратуулары үчүн Жахабанын ысмынын ыйыкталышы дагы эле маанилүү маселе боюнча кала береби? Бул сууроого жооп алыш үчүн талаш маселеге кирген эки маанилүү нерсени эстейли. Алар — адамдардын кынтыксыздыгы жана Жахабанын эгедерлиги. Акыркы сыноодон өткөндөн кийин, адамдарга кынтыксыз экенин далилдөөнүн зарылдыгы болбой калат. Алар толугу менен сыналган жана жеткилең болушат. Алар түбөлүк өмүр сүрүшөт. Ошондой эле Жахабанын башкаруусунун эң мыкты экенин далилдөөнүн зарылдыгы болбой калат. Анткени асмандагы жана жердегилердин баары биримдикте болот жана Жахабанын башкаруусун кабыл алышат. Ал эми Жахабанын ысмы тууралуу эмне десек болот?

Ошондон кийин Жахабанын ысмы толугу менен ыйыкталып, жалаадан толугу менен тазаланат. Ошентсе да Жахабанын ысмын асмандагы жана жердеги ишенимдүү кызматчылары андан ары да жогору баалай берет. Эмне үчүн? Анткени алар Жахабанын укмуштуудай иштерди кылып жатканын көрүшөт. Ойлонуп көрсөңөр: Иса бүт бийликти Жахабага тапшырып берет. Ошондо Жахаба «баарынын башчысы» болот (1 Кор. 15:28). Андан соң жер жүзүндөгүлөр «Кудайдын балдары катары даңктуу эркиндикке чыгат» (Рим. 8:21). Ошондо Жахабанын көптөн бери аткарууну көздөп келаткан ниети — асмандагы менен жердегинин баарын чоң, бир үй-бүлө катары чогултам деген ниети — аткарылат (Эф. 1:10).

Окуялардын ушундай өрчүшү Жахабанын асмандагы жана жердеги кызматчыларынан турган үй-бүлөсүнө кандай таасир этет? Бул бизге Жахабанын теңдешсиз ысмын даңазалай бергенге түрткү берери шексиз. Ыйык рухтун жетеги менен Дөөтү мындай деп жазган: «Жахаба Кудай... даңкталсын. Анын даңктуу ысмы түбөлүккө даңазалана берсин» (Заб. 72:18, 19). Түбөлүктөн түбөлүккө Жахабанын ысмын даңкташыбыз үчүн жүрөк толкуткан жаңы нерселер боло берет.

Жахабанын ысмы өз ичине анын кандай Кудай экенине байланыштуу бардык нерсени камтыйт. Эң маанилүүсү, анын ысымы бизге сүйүүсү тууралуу эстетип турат (1 Жкн. 4:8). Биз төмөнкү нерселерди эч качан эсибизден чыгарбайбыз: Жахаба бизди сүйүүсүнөн улам жараткан. Ал бизди сүйгөндүктөн кун төлөгөн. Ошондой эле анын башкаруусу адилдикке, сүйүүгө негизделет. Бирок биз Жахабанын бизди сүйүүсүнө кантип бөлөп жатканын андан ары да көз жаздымда калтырбашыбыз керек. Биз түбөлүктөн түбөлүккө асмандагы Атабызга жакындаганга жана анын кереметтүү ысмын даңктап ырдаганга түрткү алабыз (Заб. 73:28).

a Ыйык Китепте да Жахабанын «өз ысмы үчүн» иш-аракет кылары айтылат. Мисал үчүн, Жахаба элин жетектейт, жардам берет, коргойт, кечирет жана өмүрүн сактайт. Мунун баарын ал өзүнүн улуу ысмы үчүн кылат (Заб. 23:3; 31:3; 79:9; 106:8; 143:11).