Азап чегип жатканыбызга Кудай кандай карайт?
Айрымдар Кудай муну көрбөйт, ал кайдыгер деп ойлошот.
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕРИН КАРАП КӨРӨЛҮ
Кудай баарын көрүп турат, ал кайдыгер эмес
«Жахаба жер бетиндеги адамдардын көп жаман иштерди кылып жатканын... көрдү. Ошондо... жүрөгү ооруду» (Башталыш 6:5, 6).
Кудай бардык кайгы-касыретти жок кылат
«Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот, ордун карап, аны таппай каласың. Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат» (Забур 37:10, 11).
Кудай силерге эмнени каалайт?
«„Мен силерге байланышкан ой-ниетимди жакшы билем,— дейт Жахаба.— Силерге алаамат эмес, тынчтык берүүнү, келечек менен үмүт берүүнү ниет кылып жатам. Силер мени чакырып, мага келесиңер, менден тиленесиңер, ошондо мен силерди угам“» (Жеремия 29:11, 12).
«Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт» (Жакып 4:8).