Элиас Гуттер жана анын өзгөчө басылыштары
БАЙЫРКЫ еврей тилиндеги Ыйык Китепти окуй алат белеңер? Окуй алмактыгыңар күмөн. Атүгүл андай китепти көргөн да эмес чыгарсыңар. Бирок 16-кылымда жашаган Элиас Гуттер деген окумуштуу жана ал иштеп чыккан еврей тилиндеги Ыйык Китептин эки басылышы жөнүндө билсе, көптөр Ыйык Китебин көбүрөөк баалап калары шексиз.
Элиас Гуттер 1553-жылы Германиянын Чех Республикасы жана Польша менен чектешкен азыркы чек арасына жакын жайгашкан Гёрлиц шаарында төрөлгөн. Гуттер Йенадагы Лютеран университетинде Ортоңку чыгыш тилдерин изилдеген. Ал 24 жашында эле Лейпцигде байыркы еврей тили боюнча профессор болгон. Билим берүү жаатында жаңы ыкмаларды ойлоп табуу жагынан белгилүү болгон ал окумуштуу Нюрнбергде студенттерге 4 жылдын ичинде еврей, грек, латын, немис тилдерин өздөштүрүүгө жардам берген окуу жайын негиздеген. Ошол учурда андай бир да окуу жайы, бир да университет жок болчу.
ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
1587-жылы Гуттер Ыйык Китептин «Эски Келишим» деп белгилүү болгон бөлүгүн еврей тилине которгон. Ал басылыш Ышая 35:8ге негизделип, Дерех ха-Кодеш деп аталган. Ал сөздөр «Ыйыктык жолу» деген маанини туюнтат. Ариптеринин кооздугунун өзү эле «ал басылыштын өзгөчө экенинен» кабар берип турган. Бирок негизги баалуулугу башка нерседе болгон: студенттер анын жардамы менен еврей тилин үйрөнө алышкан.
Гуттердин еврей тилине которгон Ыйык Китебинин эмне үчүн чоң жардам болгонун түшүнүш үчүн еврей тилиндеги Ыйык Китепти окууга аракет кылгандар туш болгон эки кыйынчылыкка токтололу. Биринчиси, оңдон солду көздөй окулган таптакыр башка арип болсо, экинчиси, сөздүн уңгусунун алдына же андан кийин жалгануучу мүчөлөр болгон. Ал мүчөлөр сөздүн уңгусун аныктоого тоскоолдук кыла турган. Мисалга «жан» деген маанини туюнткан не́феш (байыркы еврейче נפשׁ) деп транслитерацияланган еврей сөзүн алалы. Жезекиел 18:4тө ал сөздүн алдында ха (байыркы еврейче ה) деген мүчө тургандыктан, ал сөз хан не́феш (байыркы еврейче הנפשׁ) деген сөздү түзүп калган. Ошондой мүчө тургандыктан эле, жаңы үйрөнүп жаткандар не́феш (байыркы еврейче נפשׁ) деген уңгу сөздү таанып-ажырата албай калышкан.
Студенттерине жардам бериш үчүн Гуттер басып чыгаруу жаатында кызыктуу бир ыкманы ойлоп тапкан: ичи боёлгон жана боёлбогон ариптерди колдонгон. Ал ар бир сөздүн уңгусун боёлгон арип менен, ал эми сөздүн уңгусунун алдына же андан кийин жалгануучу мүчөлөрдү боёлбогон арип *. Транслитерацияланган уңгу сөздөр кара арип менен, ал эми алардын алдындагы же андан кийинки мүчөлөр кадимки арип менен басылган. Жогорудагы сүрөттөрдөгү белгиленген жерлерде Гуттердин еврей тилиндеги Ыйык Китебинде да, англис тилиндеги «Шилтемелүү Ыйык Китептин» шилтемесинде да Жезекиел 18:4тө кандай ариптер колдонулганы көрсөтүлдү.
менен басып чыгарган. Ушул жөнөкөй ыкма студенттерге уңгу сөздөрдү даана көрүүгө жардам берип, еврей тилин үйрөнүшүн кыйла жеңилдеткен. Англис тилиндеги «Ыйык Жазманын Жаңы дүйнө котормосу (шилтемелери менен)» деген басылыштагы шилтемелерде да ушул сыяктуу ыкма колдонулганЕВРЕЙ ТИЛИНДЕГИ «ЖАҢЫ КЕЛИШИМ»
Гуттер Ыйык Китептин «Жаңы Келишим» деп белгилүү болгон бөлүгүн да басып чыгарган. Ал басылыш ичине 12 тилдеги котормону камтыган жана 1599-жылы Нюрнбергде басылып чыккан. Аны көбүнчө «Нюрнберг полиглоттасы» деп атап коюшат. Гуттер ошол басылыштын ичинде еврей тилиндеги котормонун да болушун каалаган. Бирок, өзү айткандай, еврей тилиндеги котормону сатып алыш үчүн «колунда болгондун баарын берүүгө даяр болсо да», андай котормону табууга жумшаган аракетинен эч майнап чыкмак эмес *. Ошондуктан «Жаңы Келишимди» грек тилинен еврей тилине өзү которууну чечкен. Бүт иштерин жыйыштырып коюп, Гуттер аны бир жылдын ичинде эле которуп койгон.
Гуттердин еврей тилиндеги «Жаңы Келишиминин» эмнеси өзгөчө болгон? 19-кылымда жашаган Франц Делич деген еврей окумуштуусу мындай деп жазган: «Анын котормосунан еврей тилин ушунчалык терең түшүнгөнүн байкоого болот. Христиандардын арасында андай кишилер чанда эле кездешчү. Ошол котормого атүгүл азыр да көп кайрылышат. Себеби анын сөз айкаштарды абдан таамай бергенин тастыктаган мисалдар көп учурайт».
БААЛУУЛУГУН ЖОГОТПОГОН ЭМГЕКТЕР
Гуттер котормо ишинен байып деле кеткен эмес. Анын басылмаларын эл көп деле сатып алган эмес көрүнөт. Анткен менен анын иши аябай маанилүү болгон. Анын эмгектери эч качан баалуулугун жоготкон эмес. Маселен, еврей тилиндеги «Жаңы Келишими» 1661-жылы Уильям Робертсон тарабынан, анан 1798-жылы Ричард Кэддик тарабынан кайра каралып, басылып чыгарылган. «Жаңы Келишимди» грек тилинен еврей тилине которуп жатканда Еврей Жазмаларынан цитата кылынган аяттарда Гуттер Кириос (Теңир) жана Теос (Кудай) деген наамдарды «Жахаба» (байыркы еврейче יהוה, ЖХВХ) деп берген. Ал «Жахаба» деген ысым турушу керек деп эсептеген жерлерде да так ушундай кылган. Бул көңүлгө аларлык нерсе. Себеби «Жаңы Келишимдин» көптөгөн башка котормолорунда Кудайдын ысмы колдонулган эмес. Ал эми Гуттердин котормосунда колдонулган жана бул Грек Жазмаларында Кудайдын ысмынын калыбына келтирилиши абдан орундуу болгонун дагы бир ирет тастыктап турат.
Грек Жазмаларынан же «Шилтемелүү Ыйык Китептин» шилтемесинен Жахаба деген ысымды окуганыңарда Гуттердин зор эмгегин жана анын еврей тилиндеги өзгөчө басылыштарын эстесеңер болот.
^ 7-абз. Англис тилиндеги «Шилтемелүү Ыйык Китептеги» Жезекиел 18:4кө берилген экинчи шилтемени жана «Тиркемени» (3B) карагыла.
^ 9-абз. «Жаңы Келишим» еврей тилине ага чейин эле которулган көрүнөт. Ал котормолордун бирин 1360-жылы Симон Атуманос, дагы бирин болжол менен 1565-жылы Освальд Шрекенфукс которгон. Бирок ал котормолор эч качан басылып чыккан эмес жана жоголуп кеткен.