Иса Машаяктын сырткы көрүнүшү чынында кандай болгон?
Иса Машаяктын сүрөтү эч кимде жок. Анын портрети да, эстелиги да болгон эмес. Ошентсе да кылымдардан бери канчалаган сүрөтчүлөр анын сүрөтүн тартып келишет.
Албетте, алар Исанын сырткы көрүнүшү чынында кандай болгонун билишкен эмес. Алардын тарткан сүрөттөрү көбүнесе кеңири тараган маданиятка, диний ишенимдерге жана ошол сүрөттөрдү тартууга буйрутма бергендердин каалоосуна негизделген. Ал эми алардын колунан бүткөн сүрөттөр менен эстеликтер адамдардын Исага жана анын окууларына болгон көз карашына таасир этип, атүгүл бурмаланышына алып келген.
Айрым сүрөтчүлөрдүн эмгектеринде Иса арык, алсыз, чачы узун, сакалы сейрек, аябай кайгылуу киши катары чагылдырылган. Башкалары болсо аны нурга бөлөнгөн адаттан тыш жаратуу же тегерегиндегилер менен иши жок киши кылып тартышкан. Алардын тарткандары Исаны таамай сүрөттөйбү? Анын чынында кандай болгонун кантип билүүгө болот? Мунун бир жолу — анын сырткы көрүнүшүнүн кандай болгонун аныктоого жардам берген Ыйык Китептеги билдирүүлөрдү кылдат изилдөө. Алар Иса жөнүндө туура көз карашта болууга да жардам берет.
«МАГА ДЕНЕ ДАЯРДАП КОЙДУҢ»
Бул сөздөрдү Иса, сыягы, чөмүлгөндө Атасынан тиленип жатканда айткан (Еврейлер 10:5; Матай 3:13—17). Анын денеси кандай болгон? Ошондон 30 жылдай мурун Жебирейил периште Мариямга көрүнүп: «Кош бойлуу болуп, уул төрөйсүң... Бала Кудайдын Уулу... деп аталат»,— деп айткан (Лука 1:31, 35). Ооба, Иса Адам атадай жеткилең болгон (Лука 3:38; 1 Корунттуктар 15:45). Анын келбети төп келишкен киши болгону күмөнсүз. Ошондой эле жүйүт апасы Мариямга да окшош жактары болсо керек.
Римдиктерден айырмаланып, жүйүттөр сакал коюп жүрүшчү. Демек, Исанын да сакалы болгон. Ошол убакта сакал кадыр-барктын, урмат-сыйдын белгиси катары саналчу. Сакалды өтө узун кылып өстүрүшчү эмес, тыкан алып жүрүшчү. Иса да чачын, сакал-мурутун тыкан кылып тегиздеп жүргөнү шексиз. Шымшон сыяктуу назирлер гана чачын кырктырчу эмес (Сандар 6:5; Бийлер 13:5).
Иса 30 жылынын көп бөлүгүн устачылыкка арнаган. Ал кезде азыркыдай ыңгайлуу шаймандар болгон эмес (Марк 6:3). Демек, Иса булчуңдары чыккан күчтүү киши болгон. Кызматын баштаган убакта ал өзү жалгыз эле сатуучулардын «баарын кой, өгүздөрү менен кошо ибадатканадан кууп чыгып», «акча алмаштыргандардын тыйындарын чачып, үстөлдөрүн көңтөрүп салган» (Жакан 2:14—17). Күчтүү болбосо, мындай эрдик колунан келмек эмес. Бирок Иса өзү үчүн даярдалган «денени» Кудайдын эркин аткарыш үчүн колдонгон. Ал: «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деп айткан (Лука 4:43). Палестинаны жөө кыдырып, ал кабарды таратуу үчүн эмне деген күч талап кылынган!
«МАГА КЕЛГИЛЕ. МЕН СИЛЕРДИ СЕРГИТЕМ»
Жүзүнөн жылуулук төгүлүп, башкаларды өзүнө тартып турган Исанын ушул сөздөрү «мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар» үчүн жан эргитерлик болгону айтпаса да түшүнүктүү (Матай 11:28—30). Анын жароокердиги, боорукердиги андан үйрөнүүгө дилгир болгондордун чынында эле сергий турганына кепилдик берген. Атүгүл кичинекей балдар да ага тартылып турган. Ыйык Китепте Исанын «балдарды кучактаганы» айтылат (Марк 10:13—16).
Өлөрүнүн алдында катуу азап чегип, кыйналса да, Иса кабагы ачылбаган киши болгон эмес. Алсак, бир жолу Каана шаарындагы үйлөнүү тоюна барганда сууну шарапка айлантып, тойдун жакшы уланышына шарт түзгөн (Жакан 2:1—11). Дагы бир жолу бирөөнүкүнө конокко барып, ал жердегилерди эстен кеткис нерселерге үйрөткөн (Матай 9:9—13; Жакан 12:1—8).
Баарынан маанилүүсү, Иса ар бир адам түбөлүк өмүргө ээ болууга үмүттөнө аларын айтып, кабарды кубаныч тартуулагыдай кылып жеткирчү (Жакан 11:25, 26; 17:3). Бир жолу жетимиш шакирти кабар айтып жүргөндө туш болгон окуяларын айтып бергенде, ал аябай сүйүнүп: «Ысмыңардын асманда жазылганына кубангыла»,— деген (Лука 10:20, 21).
«СИЛЕР АНДАЙ БОЛБОГУЛА»
Исанын убагындагы диний жетекчилер өздөрүнө көңүл бурдуруунун жана бийлигин баса белгилөөнүн жолун издешчү (Сандар 15:38—40; Матай 23:5—7). Алардан айырмаланып, Иса шакирттерин башкаларга «үстөмдүк кылбоого» үндөгөн (Лука 22:25, 26). Ал аларга: «Китепчилерден сак болгула. Алар узун кийим кийип жүргөндү, базар аянттарында башкалардын урмат көрсөтүп саламдашканын [жакшы көрүшөт]»,— деп айткан (Марк 12:38).
Иса элден өзгөчөлөнүп турчу эмес, көпчүлүктүн арасында ал таанылбай деле калчу (Жакан 7:10, 11). Атүгүл тулку-бою 11 элчисиникинен айырмаланчу эмес. Ошол себептен саткын Жүйүт Исаны кармаганы келгендерге «белги бериш» үчүн аны өбөрүн айткан (Марк 14:44, 45).
Иса жөнүндө көп нерсе белгисиз болгондуктан, анын сүрөттөрдүн көбүндө тартылгандагыдай болбогону айдан ачык. Бирок анын сырткы көрүнүшүнүн чынында кандай болгону эмес, азыр аны ким деп эсептээрибиз маанилүү.
«БИР АЗДАН КИЙИН ДҮЙНӨ МЕНИ КӨРБӨЙ КАЛАТ»
Иса ушул сөздөрдү айткан күнү өлтүрүлүп, мүрзөгө коюлган (Жакан 14:19). Ал «көптөр үчүн жанын кун катары берген» (Матай 20:28). Үчүнчү күнү Кудай аны «рух катары» тирилтип, айрым шакирттерине «көрүнүшүнө жол берген» (1 Петир 3:18; Элчилер 10:40). Шакирттерине көрүнгөндө анын сырткы көрүнүшү кандай эле? Баштапкысынан кыйла айырмаланган көрүнөт, себеби аны атүгүл жанында жүргөн шакирттери тааныбай калган. Магдалалык Мариям болсо Исаны бакчы деп ойлоп алган, ал эми Эмауска баратканда эки шакирти аны тааныган эмес (Лука 24:13—18; Жакан 20:1, 14, 15).
Бүгүнкү күндө Исаны кандай элестетишибиз керек? Иса өлгөндөн 60 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин анын жакшы көргөн элчиси Жакан ал жөнүндө аян көргөн. Аянда Исанын айкаш жыгачта асылып турганын көргөн эмес. Тескерисинче, Иса «падышалардын Падышасы, мырзалардын Мырзасы» катары көрсөтүлгөн. Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары ал жакында Кудайга каршы чыккан жин-перилерди да, адамдарды да жок кылып, тил алчаак адамдарга түбөлүк баталарды төгөт (Аян 19:16; 21:3, 4).