МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЭҢ КЫМБАТ БЕЛЕК КАЙСЫ?
Эң баалуу белек издөө
Кимдир бирөөгө анын оюндагыдай белек табуу оңой-олтоң иштерден эмес. Белектин баалуу болор-болбосу алган кишиден көз каранды. Анткени бирөө үчүн баалуу болгон белек башка бирөө үчүн андай деле болбошу мүмкүн.
Мисалы, өспүрүмдөргө акыркы үлгүдөгү электрондук каражаттар баалуу белек болушу мүмкүн. Чоң кишилер болсо мураска калган кайсы бир нерсени жогору баалашы ыктымал. Ал эми кээ бир маданияттарда жаштар да, карылар да өзү каалаган нерсесин сатып алышы үчүн берилген акчаны баалуу белек деп эсептешет.
Оңой болбосо да, сүйүктүү адамын ойлогондордун көбү ага эң керектүү боло турган белекти талыкпай издей беришет. Албетте, бул дайыма эле мүмкүн эмес, ошентсе да айрым нерселерди эске алуу менен бул жагынан ийгиликке жете аласыңар. Анда белек алган кишинин кубанычына шарт түзө турган төрт нерсени карап чыгалы.
Белек алган кишинин каалоосу. Түндүк Ирландиянын Белфаст шаарында жашаган бир кишиге 10-11 жаштарында катуу ылдамдыкта жүргөн велосипед белек кылышкан. Ал анын эң сонун белек болгонун айткан. Эмне үчүн? «Анткени так ошону эңсеп жүргөм»,— дейт ал. Мындан адамдын каалоосу анын белекти баалуу деп эсептээр-эсептебесине таасир этери көрүнүп турат. Ошондуктан белек тартуулагыңар келген адам жөнүндө ойлонгула. Анын эмнени баалай турганын билгенге аракет кылгыла, себеби эмнени баалаары көбүнесе каалоосуна таасир этет. Мисалы, кары кишилер адатта үй-бүлөсү менен чогуу убакыт өткөргөндү жакшы көрүшөт. Алар балдарын, неберелерин бат-баттан көргүсү келип турат. Андыктан алар үчүн үй-бүлөсү менен эс алуудан өткөн белек жок болушу мүмкүн.
Белек бере турган кишиңердин эмнени каалап жатканын билүүнүн ачкычы — аны кунт коюп угуу. Ыйык Китепте: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө... шашпасын»,— Жакып 1:19). Андыктан досторуңар, жакындарыңар менен сүйлөшүп жатканда көңүл коюп угуп, эмне жагарын, эмне жакпасын баамдаганга аракет кылгыла. Ошондо аларга жагымдуу белек бере аласыңар.
делет (Белек алган кишинин муктаждыктары. Эгер керектүү белек берсек, ал жөнөкөй болсо да, алган киши жогору баалашы мүмкүн. Бирок кимге эмне керек экенин кантип аныктаса болот?
Анын өзүнөн эмнеге муктаж болуп же эмнени каалап жатканын суроо мунун оңой жолундай көрүнүшү ыктымал. Бирок көптөр мындай кылгысы келбейт. Себеби алар жакынына ал күтпөгөн жакшы белекти берип, кубаныч алгысы келет. Анын үстүнө, айрымдар өздөрүнө эмне жагарын, эмне жакпасын айтканы менен, муктаж болуп жаткан нерсесин көп учурда айтышпайт.
Ошол себептен кыраакы болгула жана адамдын жагдай-шартын байкай билгиле. Ал жашпы, карыбы, бойдокпу, үй-бүлөлүүбү, ажырашканбы, жесирби, жумушта иштейби же ардактуу эс алууга чыкканбы? Анан анын эмнеге муктаж экени, эмне берсеңер жакшы болору жөнүндө ойлонгула.
Белек бергиңер келген кишиге чындап эмне керек экенин билиш үчүн ошондой жагдайга кабылгандар менен кеңешип көргүлө. Алар силерге көптөр билбеген өзгөчө бир муктаждыктар жөнүндө айтып бериши мүмкүн. Ушундай иш-аракет кылуу менен башкалардын оюна келбеген керектүү белекти бере алышыңар ыктымал.
Ылайыктуу учур. Ыйык Жазмада: «Өз убагында айтылган сөз кандай жакшы!» — делет (Накыл сөздөр 15:23). Бул аят өз учурунда айтылган сөздөрүбүздүн күчтүү таасир этерин көрсөтүп турат. Иш-аракеттерибиз жөнүндө да ушуну айтууга болот. Өз убагында айтылган сөз уккан кишиге жагымдуу болгондой эле, өз убагында же ылайыктуу учурда берилген белек алган кишиге зор кубаныч тартуулайт.
Көптөр досу турмуш курганда, өспүрүм тууганы же таанышы мектепти бүткөндө же жаңы турмуш курган жубайлар балалуу болгондо белек беришет. Бирок бул белек бере турган учурлардын айрымдары гана. Кээ бирлер келерки жылы боло турган өзгөчө күндөрдүн тизмесин түзүп алуу пайдалуу экенин айтышат. Ушунун аркасында алар алдын ала ойлонуштуруп, ар бир жагдайга ылайыктуу боло турган эң жакшы белекти тандай алышат *.
Бирок өзгөчө учурларда эле белек берүү менен чектелбегиле. Каалаган учурда белек берип, кубаныч алууга болот. Анткен менен бир нерседен сак болушубуз керек. Мисалы, эркек эч кандай себеп жок эле кызга белек берсе, ал мени менен жакын таанышкысы келип жатат окшойт деп ойлоп алышы мүмкүн. Эгер ал белекти андай ниет менен бербесе, түшүнбөстүктөр пайда болушу ыктымал. Мындан кандай ниет менен белек берип жатканыбызга маани беришибиз зарыл экени көрүнүп турат.
Белек берген кишинин ниети. Жогорудагы мисал көрсөтүп тургандай, белек берип жатканда алган киши туура эмес түшүнүп калбайбы деп ойлонгонубуз жакшы. Ошол эле учурда берип жаткан киши да өзүнүн ниети жөнүндө ойлонушу керек. Көптөрдүн белек берүүдө ниети таза болсо да, айрымдар жылдын белгилүү бир күндөрүндө өздөрүн милдеттүү сезгендиктен белек беришет. Башкалары болсо бирөөгө жагыш үчүн же кайра бир нерсе алыш үчүн ошентишет.
Белекти туура ниет менен берип жатканыңарга канткенде ынана аласыңар? Ыйык Китепте: «Баарын сүйүү менен жасагыла»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 16:14). Адамды чындап сүйгөндүктөн жана анын камын ойлогондуктан белек берсеңер, ал аны кубаныч менен кабыл алат жана берешен болуунун аркасында өзүңөр да канааттануу аласыңар. Чын жүрөктөн берсеңер, асмандагы Атаңар да сүйүнөт. Элчи Пабыл байыркы Корунт шаарындагы ишенимдештерин Жүйүт жериндеги бир туугандарына жардам катары марттык менен, чын дилден тартуу бергени үчүн мактаган. Ал аларга: «Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт»,— деген (2 Корунттуктар 9:7).
Биз карап чыккан төрт нерсе башкаларга кубаныч тартуулагыдай белек бере алышыңарга шарт түзөт. Кудай адамзат үчүн эң кымбат белек берүүдө ушул жана башка нерселерди эске алган. Ал эмне болгон зор белек экенин билиш үчүн кийинки макаланы окуп көргүлө.
^ 13-абз. Көптөр туулган күндө же майрамдарда белек беришет. Бирок андай учурлар көбүнчө Ыйык Китепте айтылгандарга каршы келген иштер менен коштолот. Ушул журналдагы «Окурмандардын суроолору. Рождествону белгилешибиз керекпи?» деген макаланы карагыла.