Өзү жаралганбы?
Балыктардын «жол эрежеси»
Жол кырсыктарынын айынан жыл сайын 1 000 000дон ашуун киши каза таап, болжол менен 50 000 000 киши жаракат алат. Ал эми үйүрү менен жүргөн миллиондогон балыктар дээрлик бири-бири менен кагылышпайт. Көптүгүнө карабай балыктардын «жол кырсыгына» учурабаганынын сыры эмнеде? Адамдар алардан эмнеге үйрөнө алышат?
Көңүл бурсаңар: балыктар айлана-тегерегиндеги нерселерди, көзү менен көргөндөн тышкары, каптал сызык деп аталган сезүү органы аркылуу сезип-туюшат. Ошондой сезүү органдары аларга жанындагы балыктардын кандай аралыкта баратканын аныктап-билгенге жардам берет. Алар төмөнкүдөй «жол эрежелерине» карманышат.
-
Бири-бирин жандай жүрүү. Үйүрдөгү балыктардын ар бири жанында сүзүп бараткан балыктын ылдамдыгындай ылдамдыкта жүрөт жана дайыма ортодогу аралыкты сактайт.
-
Жакындоо. Ортосу алыстап кетпеш үчүн, алысыраак сүзүп бараткандарына жакыныраак сүзүшөт.
-
Кагылышууну алдын алышат. Бири-бири менен кагылышып кетпеш үчүн багытын дароо өзгөртүшөт.
Балыктардын үйүрүнүн ушундай «эрежелерге» карманып сүзөрү изилденген соң, Жапониянын машина чыгарган бир заводу тобу менен жүргөндө да бири-бири менен кагылышпай турган бир нече кичинекей робот-машинелерди ойлоп табышкан. Ал роботтор көздүн ордуна атайын радиотехникасы менен, каптал сызыктын ордуна лазер аралык ченегичи менен жабдылган. Учурда ошол заводдун адистери ушундай техниканын жардамы менен бири-бири менен кагылышпаган машинелерди чыгаруу мүмкүн деген ойдо. Андай жетишкендиктин аркасында жол тыгыны да азаят, айлана-чөйрө да көп булганбайт деп күтүлүүдө.
«Учурдагы заманбап техниканы колдонуп, биз балыктардын үйүрүнүн жүрүшүн туураган роботторду жарата алдык,— дейт ошол долбоордун үстүнөн иштеген Тошиюки Андо деген инженер.— Биз азыр автоунаа доорунда жашап жаткандыктан балыктардын үйүрүнөн үйрөнчү нерселерибиз көп».
Кандай деп ойлойсуңар? Балыктардын ушундай кереметтүү сүзүшү жөн гана кокустукпу? Же кимдир бирөө тарабынан ойлонуштурулганбы?