ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | ЖАШТАР
Азгырыкка туруштук бергиле
КӨЙГӨЙ
«Кээде кыздар телефонумду сурап, „көңүл ачып“ келүүнү сунушташат. Мен макул болбой басып кетем. Бирок андан кийин көпкө чейин: „Номурумду берип койсом эмне болот эле?“ — деп ойлой берем. Чынын айтсам, ал кыздардын айрымдары аябай сулуу. Ошон үчүн: „Эмне үчүн болбосун?“ — деп да ойлоп кетем» (Карлос *, 16-жашта).
Сен да, Карлостой болуп, азгырыкка туруштук бериш үчүн күрөшүп жатасыңбы? Эгер ошондой болсо, ал күрөштө жеңишке жетүү мүмкүн экенин унутпа.
ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢ КЕРЕК?
Баары, атүгүл чоңдор да азгырыкка алдырышы мүмкүн. Азгырыктар ар кандай болот. Элчи Пабыл: «Кудайдын мыйзамынан ырахат алам, ал эми денемде башка мыйзам бар экенин көрүп турам. Бул мыйзам акылымдагы мыйзамга каршы күрөшүп, мени... күнөөнүн мыйзамына туткун кылып келет»,— деп жазганда жаш деле эмес болчу (Римдиктер 7:22, 23). Ал азгырыктарга туруштук бере алган, сен да ошенте аласың. Чын эле, каалоолоруңдун кулу болуунун эмне кереги бар? (1 Корунттуктар 9:27). Азгырыктарга каршы турууга үйрөнсөң, азыртадан эле көптөгөн кыйынчылыктардан кача аласың жана келечекте пайдасы тие турган сапаттарды да өрчүтө аласың.
Маалымдоо каражаттары туура эмес каалоолорду өрчүтөт. Ыйык Китепте «жаштыкка мүнөздүү каалоолордун» абдан күчтүү болору айтылат (2 Тиметей 2:22). Ал эми жаштарга арналган музыка, тасмалар, телеберүүлөр, китептер азгырылууну кадимки эле нерсе катары көрсөтүп, ансыз деле күчтүү каалоолорду ого бетер күчөтөт. Мисалы, тасмаларда бири-бирин «сүйүп» калгандар, адатта, сөзсүз азгырыкка алдырып, жыныстык катнашта болушат. Бирок, Ыйык Китепке ылайык, чынында, жашоодо эркектердин да, аялдардын да «дененин каалоолорунан качууга» күчү жетет (1 Петир 2:11). Демек, азгырыкка туруштук берер-бербесиң өзүңдөн көз каранды. Анда азгырыкка кантип туруштук берсе болот?
ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?
Кайсы жактан алсыз экениңди аныктап ал. Аркан ичкерип калган жеринен үзүлөт. Алсыздыктарыңды аркандын ошол ичкерип калган жерине салыштырса болот. Адамдын алсыздыгы анын туура иш кылууга болгон чечкиндүүлүгүн басаңдатып, аны акыры «үзүшү» мүмкүн. Андыктан кайсы жактарыңды чыйратып бекемдешиң керектигин ойлонуп көр. (Ыйык Китептеги принцип: Жакып 1:14).
Туруштук берүүгө даярдан. Адегенде кандай жагдайларда азгырыкка туш болушуң мүмкүн экенин ойлон. Анан ага туруштук бериш үчүн эмне кылса болорун ойлонуштуруп ал (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 22:3).
Чечкиндүү бол. Ыйык Китепте Жусуп деген бир жигитти кожоюнунун аялы бузуктук кылууга азгырганда: «Кантип мен ушундай жаман ишке барып, Кудайга каршы күнөө кылайын?» — деп айтканы жазылган (Башталыш 39:9). Жусуптун «кантип мен...» деген сөздөрү эмне туура, эмне туура эмес экенин жакшы билгенин жана ошого жараша иш кылууга чечкиндүү болгонун көрсөтүп турат. Сен да ошондой чечкиндүү болосуңбу?
Жакшы жакка үндөгөндөр менен дос бол. Өзүңө окшоп, Кудайдын жолунда жүргөндөр менен дос болсоң, көптөгөн азгырыктардан алыс болосуң. Ыйык Китепте: «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот»,— делет (Накыл сөздөр 13:20).
Азгырыкка туруштук берүү кыйын боло турган жагдайлардан кач. Мисалы:
Карама-каршы жыныстагы адам менен жалгыз калба.
Порнография көрүүгө азгырылышың мүмкүн болгон убакта же ошондой жерде Интернетти колдонбо.
Сүйлөгөн сөздөрү же жүрүм-туруму менен жаманды жакшы кылып көрсөткөн кишилерден алыс бол.
Азгырыкка туруштук бериш үчүн ушулардын кайсынысын өзүңө эреже кылып алсаң болорун ойлонуп көр (Ыйык Китептеги принцип: 2 Тиметей 2:22).
Жардам сурап тилен. Иса пайгамбар шакирттерине: «Азгырыкка алдырбаш үчүн сергек болгула, үзгүлтүксүз тиленгиле»,— деген (Матай 26:41). Жахаба Кудай азгырыктарга туруштук беришиңди каалайт жана сага сөзсүз жардам берет. Ыйык Китепте мындай делет: «Кудай... силердин алыңар жеткис азгырыктарга кабылышыңарга жол бербейт. Тескерисинче, азгырыкка дуушар болгонуңарда, туруштук бере алышыңар үчүн, жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөт» (1 Корунттуктар 10:13).
^ абз. 4 Ысмы өзгөртүлдү.