Ыйык Китептеги каймана мааниде айтылган сөздөрдүн маанисин түшүнөсүңбү?
Ыйык Китептеги каймана мааниде айтылган сөздөрдүн маанисин түшүнөсүңбү?
АДАТТА, бир нерсени сүрөттөп, түшүндүрүү үчүн көп сөз колдонуу керек. Бирок кээде ойду бир-эки сөз менен эле жеткирсе болот. Ыйык Китепте каймана мааниде айтылган сөздөр көп учурайт *. Алсак, бир эсептөөлөргө ылайык, Иса пайгамбар тоодо айткан насаатында эле 50дөн ашык жолу каймана мааниде айтылган мисалдарды колдонгон.
Каймана мааниде айтылган сөздөргө эмне үчүн маани беришибиз керек? Алар Ыйык Китепте жазылгандарды көркөмдөп, жандандырат жана Кудайдын Сөзүнө болгон ыраазычылыгыбызды арттырат. Ошондой эле Ыйык Китепти тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Эгер алардын маанисин туура эмес түшүнүп алсак, эмне жөнүндө сөз жүрүп жатканын билбей чаташышыбыз, атүгүл туура эмес жыйынтыкка келишибиз мүмкүн.
Каймана мааниде айтылган сөздөрдүн маанисин түшүнүү
Кандайдыр бир ойду түшүндүрүү үчүн бир нерсени экинчи нерсе менен салыштырып, ойду каймана мааниде берсе болот. Салыштырылып жаткан нерсе тема деп аталса, салыштыруу үчүн колдонулган нерсе образ деп аталат. Экөөнө тең мүнөздүү болгон нерселер алардын окшош жактарын билдирет. Демек, каймана мааниде айтылган сөздөрдүн маанисин түшүнүү үчүн ушул үч нерсе — тема, образ жана окшош жактар — жөнүндө жакшы билүү зарыл.
Айрым учурларда тема менен образды түшүнүү кыйынга деле турбашы мүмкүн. Бирок аларды салыштыруунун бир эмес, бир нече себеби бардай туюлушу ыктымал. Андыктан салыштыруу аркылуу кандай ой ачылып берилип жатканын кантип аңдаса болот? Көбүнчө ага чейинки же андан кийинки сүйлөмдөргө маани берүү кажет *.
Мисалы, Иса Машаяк Сардес шаарындагы жыйналышка: «Эгер ойгонбосоң, уурудай болуп келем»,— деген. Бул жерде Иса өзүнүн келерин (тема) уурунун келерине (образ) салыштырган. Экөөнүн окшош жактарын байкап жатабызбы? Эгер андан кийинки сүйлөмгө көңүл бурсак, Исанын: «Менин кайсы саатта келеримди билбей каласың»,— деген сөздөрүн окуйбуз (Аян 3:3). Мындан көрүнүп тургандай, салыштыруу анын эмне үчүн келерин көрсөткөн жок. Ооба, Иса бир нерсени уурдаш үчүн келерин айткан эмес. Ал күтүлбөгөн жерден, ууру сыяктуу, алдын ала кабарлабай туруп келерин айткан.
Айрым учурларда Ыйык Китептин бир жериндеги каймана мааниде айтылган сөздөр анын башка жериндеги ошондой эле мааниде айтылган сөздөрдү түшүнүүгө жардам берет. Мисалы, элчи Пабылдын: «Жахабанын күнү түн жамынган уурудай болуп келерин жакшы билесиңер»,— деген сөздөрүн карап көрөлү (1 Тесалоникалыктар 5:2). Бирок бул сөздөргө чейин да, андан кийин да окшош жактар айкын ачылып берилбейт. Ошентсе да каймана мааниде айтылган ушул сөздөрдүн маанисин Исанын Аян 3:3-аятта жазылган сөздөрү менен салыштыруу аркылуу түшүнө алабыз. Кандай гана күчтүү сөздөр! Бул сөздөр Кудайдын бардык кызматчылары рухий жактан сергек болушу керектигин баса белгилеп турат.
Каймана мааниде айтылган сөздөрдөн Кудай жөнүндө көп нерсени биле алабыз
Кудайдын кандай Кудай экенин жана анын кудуретинин канчалык чексиз экенин эч ким толук аңдап биле албайт. Ооба, байыркы заманда жашаган Дөөтү падыша Жахабанын «улуулугу акыл жеткис» экенин айткан (Забур 144:3). Ал эми Аюб пайгамбар Кудайдын колунан бүткөн нерселерге көз чаптырып: «Анын жолдорунун бир бөлүгү — мына ушул. Биз Ал тууралуу кандай аз укканбыз! Анын кудуретинин жаңырыгын ким түшүнө алат?» — деп тамшана айткан (Аюб 26:14).
Ошентсе да Ыйык Китепте Жараткан Кудайдын улуулугун, аз да болсо түшүнүшүбүз үчүн, каймана мааниде айтылган сөздөр колдонулат. Кудай Ыйык Китепте Падыша, Мыйзам чыгаруучу, Сот жана Аскер башчы катары сүрөттөлөт. Албетте, андай инсандарга урмат-сый көрсөтмөксүң. Ошондой эле ал сен жакшы көрө турган инсан катары — Кайтаруучу, Кеңешчи, Окутуучу, Ата, Айыктыруучу жана Куткаруучу катары — сүрөттөлөт (Забур 15:7; 22:1; 31:8; 70:17; 88:27; 102:3; 105:21; Ышайа 33:22; 42:13; Жакан 6:45). Жараткан Кудайдын ушундайча сүрөттөлгөнү сенде ага карата жылуу сезимдерди пайда кылары шексиз. Ооба, көп сөз менен жеткире албаган ойду каймана мааниде айтылган бир эле сөз менен берип койсо болот.
Андан тышкары, Жахаба Ыйык Жазмада жансыз нерселерге да салыштырылат. Маселен, ал жөнүндө «Ысрайылдын аскасы», «аска-зоо», «таяныч» деп айтылат (2 Шемуел 23:3; Забур 17:3; Мыйзам 32:4). Жахабаны эмне үчүн ушул айтылгандарга салыштырууга болот? Анткени ал, ордунан былк этпеген бекем аска сымал, биз үчүн таяныч болуп бере алат.
Забур китеби Жахаба Кудайдын башка да сапаттарын ачып берген каймана маанидеги сөздөргө жык толгон. Забур 83:12-аятта Жахаба «күн жана калкан» катары сүрөттөлөт, себеби ал жарыктын, өмүрдүн, күчтүн жана коргонучтун Булагы. Ал эми Забур 120:5-аятта: «Теңир сенин оң жагыңдагы далдаа»,— делген. Күн кайнап ысып турганда көлөкө бизге далдаа болуп бергендей эле, Жахаба өзүнө кызмат кылгандарды ар кандай кыйынчылыктарда «колунун» жана «канатынын» астына алып, аларга далдаа болуп берет (Ышайа 51:16; Забур 16:8; 35:8).
Исага карата айтылган каймана маанидеги сөздөр
Ыйык Китепте Исанын «Кудай Уулу» экени көп жолу айтылат (Жакан 1:34; 3:16—18). Көптөргө муну түшүнүү кыйынга турат. Анткени Кудайдын аялы болгон эмес, болбойт дагы жана ал балалуу болгудай адам эмес. Ооба, Кудайдын адам сыяктуу балалуу болбой турганы айтпаса да түшүнүктүү. Демек, «Кудай Уулу» деген сөздөрдү каймана мааниде айтылган деп түшүнүүгө болот. Исанын Кудайдын Уулу деп айтылганы аны менен Кудайдын ортосундагы мамиле ата менен уулдун ортосундагы мамиледей тыгыз экенин ачып берет. Ошондой эле аны Кудай жараткандыктан, ал өмүрдү Кудайдан алганын билдирет. Ушундай эле мааниде түпкү атабыз Адам ата да «Кудайдын уулу» деп аталган (Лука 3:38).
Иса Кудайдын ой-ниетин ишке ашыруудагы өзүнүн ар кыл ролун баса көрсөтүү үчүн каймана маанидеги сөздөрдү айткан. Мисалы, ал: «Мен чыныгы жүзүм сабагымын, Атам болсо багбан» — деп, өзүнүн шакирттерин жүзүм сабагынын бутактарына салыштырган (Жакан 15:1, 4). Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Кадимки жүзүм сабагынын бутактары куурап, түшүм бербей калбашы үчүн, сабактан ажырабашы керек. Анын сыңарындай эле, Машаяктын шакирттери аны менен биримдикте болушу кажет. Анткени Иса аларга: «Менсиз эч нерсе кыла албайсыңар»,— деген (Жакан 15:5). Багбан жүзүм сабагынан түшүм алууну күткөндөй эле, Жахаба Кудай да Машаяк менен биримдикте болгондордон рухий жемиш берүүнү күтөт (Жакан 15:8).
Окшош жактарын көрө бил
Эгер окшош жактарын көрө билбесек, каймана мааниде айтылган сөздөрдүн маанисин туура эмес түшүнүп алышыбыз ыктымал. Мисалга Римдиктер 12:20-аятты алалы. Ал жерде: «Душманың ачка болсо, аны тойгуз; суусап турса, суусунун кандыр. Анткени ошентүү менен анын башына чок үйөсүң»,— делет. Бул жердеги башына чок үйүү деген сөз өч алууну билдиреби? Эгер окшош жактарын аңдай турган болсок, андай эмес экенин түшүнөбүз. Каймана мааниде айтылган бул сөздөр байыркы замандагы темир эритүү ишин эске салат. Темирди көмүр жагылган мешке салып, анын үстүнө да, астына да чок үйүп коюшчу. Чоктун табы менен темир эрип, андагы кереги жок кошулмалар бөлүнүп калчу. Ошо сыяктуу эле, касташкан адамга жакшы мамиле кылуу менен биз анын «башына чок үйгөн» болобуз. Натыйжада анын жүрөгүндөгү «музду» эритип, жаман сапаттарынан арылып, жакшы сапаттарын көрсөтө баштоого өбөлгө түзөбүз.
Каймана маанидеги сөздөрдүн маанисин туура түшүнүү билимибизди арттыргандан тышкары, жүрөгүбүздү да козгойт. Төмөнкүгө көңүл бурсаңар. Ыйык Китепте күнөөнүн карызга салыштырылганы анын биздин мойнубуздагы канчалык оор жүк экенин түшүнүүгө жардам берет (Лука 11:4). Кудай биз төлөшүбүз керек болгон карызды кечкенде, башкача айтканда, күнөөлөрүбүздү кечиргенде, мойнубуздан оор жүктү алып салгандай болот. Болбосо ошол карызды өзүбүз төлөмөкпүз. Мугалим доскада жазылгандарды өчүрүп салгандай эле, Кудай да биздин күнөөлөрүбүздү «өчүрүп» салат, мындайча айтканда, «кечирет» да аларды экинчи эстебейт (Забур 31:1, 2; Элчилер 3:19). Жахабанын биздин күнөөлөрүбүздү кечиргенин кызылга боёлгон жүндү аппак кардай кылып агартканга салыштырганын билүү кандай гана жубатарлык! (Ышайа 1:18).
Ушул макалада Ыйык Китептеги каймана мааниде айтылган сөздөрдүн бир азы гана каралды. Ошондуктан Ыйык Китепти окуп жатканда андагы каймана мааниде айтылган сөздөргө өзгөчө көңүл бур. Ошондой эле салыштырылып жаткан нерселердин окшош жактарын көрө билип, ал жөнүндө ой жүгүртүүгө убакыт бөл. Ошондо билимиңе билим кошулуп, Ыйык Китепти көбүрөөк баалап каласың.
[Шилтемелер]
^ 2-абз. Бул макаладагы «каймана мааниде айтылган сөздөр» метафораларды, салыштырууларды же дагы башка көркөм сөз каражаттарын билдирет.
^ 6-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жазманы түшүнүү» (англ.) эмгегинен буга байланыштуу көптөгөн маалымат табууга болот.
[13-беттеги кутуча]
Каймана мааниде айтылган сөздөрдүн таасири
Каймана маанидеги сөздөр ойду так-даана түшүнүүгө жардам берет. Татаал ойлорду жөнөкөй мисалдар менен түшүндүрүүгө болот. Каймана мааниде айтылган сөздөрдүн жардамы менен бир эле ойду ар кандайча түшүндүрүп берүүгө болот. Ошондой эле алардын жардамы менен негизги ойлорду баса белгилесе же аларды көркөмдөп берсе болот.
[14-беттеги кутуча]
Каймана мааниде айтылган сөздөрдүн түзүлүшү
КАЙМАНА МААНИДЕ АЙТЫЛГАН СӨЗДӨР: «силер жердин тузусуңар» (Матай 5:13)
ТЕМАСЫ: силер (Иса пайгамбардын шакирттери)
ОБРАЗЫ: туз
ОКШОШ ЖАКТАРЫ: бир нерсенин бузулбай, көпкө чейин сакталышына өбөлгө түзөт
ЭМНЕГЕ ҮЙРӨНСӨ БОЛОТ? Исанын шакирттери көптөрдүн өмүрүн сактап кала турган кабарды айтышкан
[15-беттеги сүрөт]
«Теңир менин Кайтаруучум. Мен эч нерсеге муктаж болбойм»