Европа соту абийирине каршы келген иштерден баш тарткандарды коргоду
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ Жахабанын Күбөлөрү бейтараптуулукту сактап, саясатка кийлигишпегени, согуштарга катышпаганы менен белгилүү. Алар Ыйык Китептеги: «Кылычтарынан соконун тишин,.. жасашат... согушууга үйрөнүшпөйт»,— деген сөздөргө ылайык иш кылышат (Ышая 2:4). Бирок алар аскерге барып кызмат кылууну чечкендердин ишине кийлигишишпейт. Өлкөсүндө аскерге баруу мыйзам боюнча талап кылынса, Жахабанын Күбөсү эмне кылат? Келгиле, так ушундай жагдайга туш болгон Ваан Баятяндын окуясын карап көрөлү.
Иштин Европа сотуна өтүшү
Ваан 1983-жылы Арменияда төрөлгөн. Анын үй-бүлөсү 1996-жылы Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ваан 16га чыкканда Жахабанын Күбөсү болгон. Ал Ыйык Китептен Иса пайгамбардын айткандарын, анын ичинде колго курал албаш керектиги жөнүндөгү буйругун билгенде жүрөгү козголгон (Матай 26:52). Ваан Жахабанын Күбөсү болгондон көп өтпөй эле оор жагдайга туш болгон.
Армениянын мыйзамында 18ге чыккан ар бир уландын милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөшү керектиги айтылган. Аскерге баруудан баш тарткандар, мыйзам боюнча, үч жылга чейин кесилет. Ваан өз өлкөсүнө кызмат кылгысы келген. Бирок ошол эле учурда Ыйык Китептен алган билими боюнча калыптанган абийирине каршы иш кылгысы келген эмес. Ал эмне кылган?
Ваан аскердик кызмат өтөөгө жарактуу куракка келип калган убактан, тагыраак айтканда, 2001-жылдан тартып бийликтегилерге кат жаза баштаган. Ал катка аскердик кызмат өтөө туткан динине жана абийирине каршы келерин жазган. Ошону менен бирге эле альтернативдик жарандык кызмат өтөөгө даяр экенин билдирген.
Бир жылдан ашуун убакыт бою Ваан бийликтегилерге аскердик кызмат абийирине каршы келерин түшүндүрүп кат жаза берген. Бирок 2002-жылдын сентябрь айында Ваан камакка алынып, кийинчерээк ага аскердик кызмат өтөөдөн баш тартты деген
айып тагылган. Ошентип, ал бир жарым жылга түрмөгө кесилген. Бирок айыптоочу ал чечимге макул болбой, жаза мөөнөтүн узартууну талап кылып, бир айдан кийин апелляциялык сотко кайрылган. Ал Ваандын аскердик кызмат абийирине каршы келерин айтып, аскерге баруудан баш тартканы «негизсиз жана коркунучтуу» деп айткан. Апелляциялык сот айыптоочунун даттануусуна ылайык, Ваандын жаза мөөнөтүн эки жарым жылга узарткан.Ошондо Ваан Армениянын жогорку сотуна кайрылган. 2003-жылдын январь айында жогорку сот апелляциялык соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Сот бүткөндөн кийин, Ваанды түрмөгө которушкан. Ал жакта Ваан киши өлтүргөндөрдүн, баңгизат сатып кармалгандардын, зордуктап кесилгендердин арасында жаткан.
Иштин Европа сотунда каралышы
2001-жылдан бери Армения Европа Кеңешине мүчө болгон мамлекеттердин катарына кирет. Ошондуктан Армениянын жарандары өлкөсүндөгү сот тепкичтеринин баарын басып өтүп, бирок адилеттикке жете албаса, Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрыла алат. Ваан да ошондой кылууну чечкен. Кайрылуусунда аскер кызматын өтөөдөн баш тартканы үчүн жазага тартылганы Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын 9-беренесине каршы келерин билдирип, ал беренеге ылайык, аскердик кызматтан баш тартуу укугун коргошун өтүнгөн. Ошол убакка чейин мындай маселе менен кайрылгандардын өтүнүчү орундалбай келген.
Ушул ишке байланыштуу бардык мыйзамдарды карап чыккандан кийин Европа соту 2009-жылдын 27-октябрында Европа конвенциясынын 9-беренеси абийири аскердик кызмат өтөөгө жол бербегендердин укуктарын коргобойт деген чечим чыгарган.
Ваан Европа соту ушундай чечим чыгарат деп күтпөгөндүктөн чечимди укканда абдан капа болгон. Ошол кезде Ваан түрмөдөн бошотулуп, үйлөнүп, бир балалуу болуп калган. Ал ишинин Адам укуктары боюнча Европа сотунун Чоң Палатасына өткөрүлүшүн же ишинин жабылышын тандашы керек болчу. Ваан ишинин Чоң Палатага өткөрүлүшүн тандаган. Адатта, Европа сотунун Чоң Палатасы бардык эле иштерди карай бербейт. Ошол себептен Ваан иши Чоң Палатада карала турганын билгенде аябай сүйүнгөн.
2011-жылдын 7-июлунда Франциянын Страсбург шаарында Европа сотунун Чоң Палатасы Ваандын ишине байланыштуу чечим чыгарган. Чоң Палатаны түзгөн 17 соттун 16сы Армения аскердик кызмат өтөөдөн абийирине каршы келгендиктен баш тарткан Ваан Баятянды түрмөгө камап, анын абийирине каршы иш кылуудан баш тартууга болгон укугун тебелеген
деген жыйынтыкка келген. Бул чечимге армениялык бир эле сот каршы болгон.Ал чечим эмне үчүн маанилүү чечим болгон? Себеби адам укуктары боюнча Европа соту абийирине каршы келгендиктен аскердик кызмат өтөөдөн баш тарткандардын укуктары Европа конвенциясынын 9-беренесине ылайык корголушу керек деген чечимди биринчи жолу чыгарган. Сот демократиялык мамлекеттерде абийирине каршы келген иштерден баш тарткандарды соттоп, камакка алуу жарандардын негизги укуктарын тебелегендикке жатат деген жыйынтык чыгарган.
Ошондой эле сот абийирине каршы келген иштерден баш тарткан Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө мындай деген: «Аскердик кызмат өтөөдөн баш тартып жаткандардын диний себептерден улам ошентип жатканына шектенүүгө сотто эч кандай негиз жок. Алар диний көз карашына бекем карманып, бул маселеге олуттуу карашат. Ошондой эле аскердик кызмат өтөө алардын абийирине жана көз карашына каршы келет».
Чечим чыгарылгандан кийин
Арменияда акыркы жыйырма жылдан ашуун убакыттын ичинде абийирине каршы келгендиктен аскердик кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн 450 Жахабанын Күбөсү түрмөгө камалган. Бул макала даярдалып жаткан учурда ал өлкөдө диний себептерден улам аскердик кызматтан баш тартканы үчүн 58 улан камакка алынган. Алардын бешөө «Баятян Арменияга каршы» деп аталган сот иши каралып, маанилүү чечим чыгарылгандан кийин түрмөгө отургузулган *. Алардын бири жергиликтүү айыптоочунун аскердик кызматтан диний себептерден улам баш тартканы үчүн ага каршы козголгон кылмыш ишин токтотушун сурап өтүнмө менен кайрылганда, айыптоочу анын өтүнүчүн четке каккан. Айыптоочу жазган жообунда мындай деген: «„Баятян Арменияга каршы“ деп аталган сот ишине байланыштуу Европа сотунун 2011-жылдын 7-июлунда чыгарган чечиминин бул ишке эч кандай тиешеси жок. Экөөнүн жагдайы эки башка».
Айыптоочу эмне үчүн ушундай жооп кайтарган? Ваан Баятян айыпталып жаткан маалда Арменияда альтернативдик жарандык кызмат жок болчу. Армения өкмөтү альтернативдик жарандык кызматка байланыштуу мыйзам чыгарылгандан тартып аскердик кызмат өтөөгө макул болбогон уландарга жарандык кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүк берилүүдө деп ырастаган. Бирок өлкөдө альтернативдик кызмат толугу менен Коргоо министрлигинин көзөмөлү астында болгондуктан, аскердик кызмат өтөөгө абийири жол бербеген, аскерге чакырылган уландар кызматтын андай түрүн өтөй алышпайт.
Ваан Баятян анын пайдасына чечилген, тарыхта кала турган чечим чыгарылганына абдан кубанган. Соттун ал чечими Арменияны диний көз карашы аскердик кызмат өтөөгө жол бербегендерди соттоп, камакка алышын токтотууга милдеттендирет.
Жахабанын Күбөлөрү кайсы бир өлкөнүн мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү көздөшпөйт. Алар тек гана, Ваан Баятяндай болуп, өздөрү жашаган өлкөдөгү бар мыйзамдардын негизинде укуктарын коргогонго аракет кылышат. Анткени алар баары менен тынчтыкта болуп, Иса Машаяктын буйруктарын аткарып жашагысы келет.
^ 17-абз. Алардын экөө 2011-жылдын 7-июлунда Европа соту чечим чыгарган күнү камалган.