Башталыш 18:1—33

  • Ыбрайымга 3 периште келет (1—8)

  • Сааранын уул төрөөрү убада кылынат; ал күлөт (9—15)

  • Ыбрайымдын Содом тууралуу өтүнүчү (16—33)

18  Ошондон кийин Жахаба*+ Мамредеги бийик дарактардын+ арасынан Ыбрайымга көрүндү. Ыбрайым күн катуу ысып турган маалда чатырдын оозунда отурган эле. 2  Ал башын көтөрүп караса, анча алыс эмес жерде 3 киши туруптур.+ Аларды көрөрү менен ордунан туруп, тоскону чуркап барды да, жерге чейин ийилип таазим кылды. 3  Анан: «Жахаба*, эгер сен сүйгөн пенде болсом, кулуңдун үйүнөн кыя өтпө. 4  Суу алып келип, бутуңарды жууп беришсин.+ Анан дарактын көлөкөсүндө эс алгыла. 5  Кулуңардыкына келген соң, нан-пан алып келейин, кубаттанып алгыла. Анан жолуңарды уланткыла»,— деди. Алар: «Мейли, айтканыңдай кыл»,— дешти. 6  Ыбрайым шашыла чатырга, Саарага барды да: «Бол тезирээк, эң жакшы ундан үч табак* алып, камыр жууруп, нан жасай сал»,— деди. 7  Андан кийин бадага чуркап барып, бир жакшы торпок тандап, кулуна берди. Ал аны дароо союп, бышырды. 8  Анан май, сүт, торпоктун бышкан этин алып келип, алдыларына койду. Өзү болсо, коноктор дарактын түбүндө тамак жеп жатканда, алардын жанында туруп турду.+ 9  Алар Ыбрайымдан: «Байбичең Саара+ кайда?» — деп сурашты. Ал: «Чатырда»,— деп жооп берди. 10  Алардын бири: «Эмки жылы ушул убакта сага кайра келем, ошондо Саара сага уул төрөп берген болот»,— деп айтты.+ Саара болсо анын артындагы чатырдын оозунда угуп турган эле. 11  Ыбрайым менен Саара карып калышкан эле.+ Саара төрөй турган курактан өтүп калган болчу*.+ 12  Ошон үчүн ал: «Өзүм да, мырзам да карып калганда ушундай кубанычка батмак белем?» — деп ичинен күлдү.+ 13  Ошондо Жахаба Ыбрайымга: «Саара эмнеге: „Карыганда кантип эле төрөйүн“,— деп күлдү? 14  Жахабанын колунан келбеген нерсе барбы?+ Эмки жылы ушул убакта сага кайра келем, ошондо Саара сага уул төрөп берген болот»,— деди. 15  Саара болсо коркуп кетип: «Күлгөн жокмун»,— деп тана баштады. Бирок ал: «Жок, күлдүң»,— деди. 16  Анан алар жолго чыгыш үчүн ордуларынан турушту. Ыбрайым аларды узатып чыкты. Ошентип, баары Содом+ көрүнө турган жерге чейин барышты. 17  Ошондо Жахаба: «Эмне кыларымды Ыбрайымдан жашырмак белем?+ 18  Андан улуу, күчтүү эл чыгат. Ал аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат*.+ 19  Мен Ыбрайымды тандап алгам. Ал уулдары менен бардык тукумдарына туура, адилет иш кылып, Жахабанын жолунда жүргөндү үйрөтөрүнө ишенем.+ Ошон үчүн мен, Жахаба, ага убада кылган нерселеримдин баарын аткарам»,— деди. 20  Анан Жахаба: «Содом менен Амордун күнөөсү абдан оор,+ аларга нааразы болгондордун зар-муңу мага жетти.+ 21  Төмөн түшүп көрөйүн, алардын кылып жаткан иштери эл зарлаганчалык жаманбы же жокпу, билейин»,— деди.+ 22  Ошондон кийин ал кишилер* Содомду көздөй жөнөштү. Жахаба+ болсо Ыбрайым менен калды. 23  Ыбрайым анын жанына барып, мындай деди: «Кантип эле сен адил адамдарды ыймансыздар менен кошо жок кылып салмак элең?+ 24  Балким, ал шаарда 50 адил киши бардыр. Ошого карабай ал жактагылардын баарын жок кылып саласыңбы? 50 адил киши үчүн ал шаарды аябайсыңбы? 25  Сен адил кишини ыймансыз менен бирге жок кылбайсың да, ыймансызга эмне кылсаң, адил кишиге да ошону кылбайсың да!+ Сен эч качан антпейсиң!+ Бүт жер жүзүнүн Соту адилетсиздик кылмак беле?»+ 26  Ошондо Жахаба: «Эгер Содомдон 50 адил киши тапсам, алар үчүн бүт шаарга ырайым кылам»,— деди. 27  Ыбрайым болсо: «Мен топурак болсом да, күл болсом да, Жахабага сүйлөгөнгө батындым. 28  Эгер 50 адил кишиге бешөө жетпей калсачы? Ошол бешөө үчүн бүт шаарды кыйратасыңбы?» — деп сурады. Кудай: «Эгер ал жактан 45 киши тапсам, анда кыйратпайм»,— деп жооп берди.+ 29  Ыбрайым кайрадан ага кайрылып: «Балким, ал жерден 40 киши табылар»,— деди. Кудай: «Эгер 40 киши табылса, анда да кыйратпайм»,— деди. 30  Ыбрайым дагы: «Жахаба, каардана көрбө,+ мага дагы сүйлөгөнгө уруксат этчи. Балким, ал жерден 30 киши табылар»,— деди. Кудай ага: «Эгер ал жерден 30 киши тапсам, анда да кыйратпайм»,— деди. 31  Бирок Ыбрайым: «Оо, Жахаба, сүйлөгөнгө дагы батындым, мени угуп койчу. Балким, ал жерден 20 киши табылар»,— деди. Кудай: «Эгер 20 киши табылса, анда да кыйратпайм»,— деди. 32  Акырында Ыбрайым: «Жахаба, каардана көрбө, мага дагы бир эле жолу сүйлөгөнгө уруксат этчи. Балким, ал жерден 10 киши табылар»,— деди. Кудай ага: «Эгер 10 киши табылса, анда да кыйратпайм»,— деди. 33  Жахаба Ыбрайым менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин анын жанынан кетти.+ Ыбрайым болсо үйүнө кайтты.

Шилтемелер

Б. а. Жахабанын өкүлү болгон периште.
Ыбрайым Жахабанын периштесине Жахабанын өзүнө кайрылып жаткандай кайрылган.
Сөзмө-сөз: «үч сата». 12 килограммдай. Б14 тиркемесин кара.
Же: «Сааранын айызы токтоп калган болчу».
Бул жердеги еврей тилиндеги этиш бата алыш үчүн иш-аракет кылыш керектигин көрсөтүп турат.
Сыягы, алардын экөө.