Бийлер 5:1—31

  • Дебора менен Барактын жеңиш ыры (1—31)

    • Жылдыздар Сисерага каршы согушту (20)

    • Кишон суусу ташкындайт (21)

    • Жахабаны сүйгөндөр жарыгын чачкан күндөй (31)

5  Ошол күнү Дебора+ менен Абынаамдын уулу Барак+ мындай деп ырдашты:+  2  «Ысрайылдыктар согушканга ант берип, чачын коё бергендиктен*,Эл согушка өз эрки менен баргандыктан,+Жахабаны даңктагыла!  3  Уккула, падышалар! Кулак салгыла, башкаруучулар! Мен Жахабага арнап ыр ырдайм. Ысрайылдын Кудайы+ Жахабаны ыр менен даңазалайм*.+  4  Жахаба, сен Сеирден+ чыкканда,Эдом жеринен келатканда,Жер солкулдап, асмандан,Булуттардан суу төгүлдү.  5  Жахабанын алдында тоолор эриди*,+Ысрайылдын Кудайы+ Жахабанын алдында атүгүл Синай тоосу да эриди.+  6  Анаттын уулу Шамгардын+ убагында,Жаелдин+ күндөрүндө жолдор ээн калды. Эл айланма жолдор менен жүрүп калды.  7  Мен, Дебора,+ ордуман турганга чейин,Эне катары Ысрайылга жардамга келгенге чейин,+Ысрайылдын айыл-кыштактарында эл калбай калган.  8  Ысрайылдыктар жаңы кудайларды тандап алышкан,+Ошондо шаарлардын дарбазаларынын алдында согуш болгон.+ 40 000 ысрайылдыктын эч бириндеКалкан да, найза да болгон эмес.  9  Мен Ысрайыл башчыларынын тарабындамын,+Элге кошулуп согушка өз эрки менен баргандар тараптамын.+ Жахабаны даңктагыла! 10  Жээрде эшек минип бараткандар,Кымбат баалуу килемдердин үстүндө отургандар,Силер да, жолдо бараткандар,Кудайдын иштери жөнүндө ойлонгула! 11  Суу алчу жерлерден суу бөлүштүргөндөрдүн үндөрү угулуп жатты. Алар Жахабанын адил иштери жөнүндө,Ысрайылдын айыл-кыштактарында жашаган элинин адил иштери жөнүндө айтып жатышты. Ошондо Жахабанын эли шаарлардын дарбазаларынын жанына барды. 12  Ойгон, Дебора,+ ойгон! Ойгонгун да, ыр ырда!+ Тур, Барак!+ Туткундарыңды алып жөнө, Абынаамдын уулу! 13  Ошондо аман калгандар аттуу-баштууларга келишти;Күчтүүлөргө каршы чыгыш үчүн Жахабанын эли мага келди. 14  Өрөөндөгүлөр — Эпрайымдан чыккандар,Алар сенин элиңдин арасында болуп, сени ээрчип баратышат, оо, Бенжемин. Махирдин урпактарынан+ башкаруучулар,Забулун уруусунан аскерге чогулткандар* келишти. 15  Исахар уруусунун төрөлөрү Дебора менен болду. Исахар уруусу сыяктуу эле, Барак да аны менен болду.+ Аны өрөөнгө жөө жөнөтүштү.+ Рубейин уруусунун кошуунунда болсо миң толгонуп ойлонгондор болду. 16  Эмнеге сен эки жүктүн ортосунда*Малына чоор тарткандарды угуп отуруп алдың?+ Рубейиндин кошуунунда миң толгонуп ойлонгондор болбодубу. 17  Гилаттын тургундары Иордандын аркы өйүзүндө кала берди.+ Эмнеге Дан уруусундагылар кемелеринен түшпөй койду?+ Ашыр уруусу болсо деңиз жээгинде кол куушуруп отурду,Кеме жайларында калып калды.+ 18  Забулун уруусу өлүмдөн коркпой, өмүрүн тобокелге салды,Напталы уруусундагылар да+ тоодон өмүрүн тобокелге салышты.+ 19  Падышалар келип, салгылашты. Ошондо Канаандын падышалары+ келип,Таанахта, Мегидо суусунун жанында салгылашты.+ Бирок алар күмүш олжолой алышкан жок.+ 20  Асмандан жылдыздар согушту,Алар көктөн* Сисерага каршы согушту. 21  Аларды Кишон суусу,Байыркы Кишон суусу жууп кетти.+ Мен күчтүүлөрдү тебеледим. 22  Айгырлары жулкунуп, катуу чуркады,Аттары туяктары менен жер чапчыды.+ 23  „Мерозду каргагыла,— дейт Жахабанын периштеси,— Анын тургундарын каргагыла,Анткени алар Жахабага жардамга келишкен жок. Күчтүүлөр менен чогуу Жахабага жардамга келишкен жок“. 24  Кейнилик Хебердин+ аялы Жаел+Аялдардын ичинен эң баталуу. Чатырда жашаган аялдардын ичинен ал эң баталуу. 25  Сисера суу сураганда, ал сүт берди,Кооз табакка каймагын куюп берди.+ 26  Анан сол колун чатырдын казыгына сунуп,Оң колуна жыгач балканы алды. Казыкты Сисеранын башына кагып,Чыкыйын тешип, башын жарып салды.+ 27  Сисера анын бут алдына жыгылып, кулап калды,Бут алдына жыгылып, сулап калды. Жыгылган жеринде турбай жатып калды. 28  Бир аял терезени карап, күтүп жатты,Ал Сисеранын энеси болчу. Ал тордолгон терезеден карап: „Анын арабалары эмнеге мынча кечикти? Эмнеге алардын дабышы угулбайт?“ — деп сурап жатты.+ 29  Кадыр-барктуу аялдардын эң акылдуулары ага жооп берип жатышты. Ал өзү да өзүнө кайра-кайра: 30  „Алар тапкан олжосун бөлүшүп жатса керек,Ар бир жоокерге бирден кыз, атүгүл экиден кыз тийсе керек. Олжолоп алган түстүү кездеме Сисерага, түстүү кездеме ага тийип,Олжону бөлүшүп жаткандардын мойнунаСаймаланган кийим, түстүү кездеме, саймаланган экиден кийим илинсе керек“,— деп жатты. 31  Оо, Жахаба, душмандарыңдын баары жок болсун,+Ал эми сени сүйгөндөр жаркырап чыгып, жарыгын чачкан күндөй болсун». Ошондон кийин ал жерде 40 жыл тынчтык болду.+

Шилтемелер

Сыягы, бул кимдир бирөөнүн ант бергенин же өзүн Кудайга арнаганын көрсөткөн белги болгон.
Же: «аспаптардын коштоосунда ырдайм».
Же балким: «титиреди».
Же балким: «көчүрмөчүнүн шайманын көтөргөндөр».
Б. а. Рубейин уруусу эки капталына артылган жүктүн ортосунда жаткан жаныбарга окшоштурулган.
Же: «өз огунан, жылып бараткан жолунан».