Жезекиел 11:1—25
11 Мени рух* көтөрүп, Жахабанын ибадатканасынын чыгышты караган чыгыш дарбазасына алып барды.+ Дарбазанын алдында 25 киши турганын көрдүм. Алардын арасында эл төрөлөрү Азур уулу Жазания менен Беная уулу Пелатия бар экен.+
2 Анан Кудай мага: «Адам уулу, булар — кыянаттык кылууну ойлогон, бул шаардагыларга жаман ниет менен* кеңеш берген кишилер.
3 Булар: „Азыр үйлөрдү кура турган убак да!+ Бул шаар* — казан*,+ биз болсо этпиз“,— деп жатышат.
4 Ошон үчүн аларга каршы пайгамбарлык кыл. Адам уулу, пайгамбарлык кыл»,+— деди.
5 Ошондо мага Жахаба Кудайдын ыйык руху түштү.+ Анан Кудай мага мындай деди: «„Жахаба: “Оо, ысрайыл эли, айтканыңар туура. Мен силердин эмне ойлоп жатканыңарды билем.
6 Силер бул шаарда көптөрдүн өлүшүнө себепкер болдуңар, көчөлөрүн өлүккө толтурдуңар”,— деди“,— деп айт».+
7 Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба: «Бул шаардын ар кайсы жерине силер таштаган өлүктөр — эт, шаар — казан.+ Бирок силер андан чыгарыласыңар»,— дейт.
8 «„Силер кылычтан коркчусуңар,+ ошон үчүн силерге кылыч жиберем,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.—
9 Мен силерди шаардан чыгарып, бөтөн жерликтердин колуна салып берем, силерге чыгарган өкүмдөрүмдү аткарам.+
10 Кылычтан сулайсыңар.+ Силерди Ысрайылдын чек арасында жазалайм,+ ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер.+
11 Бул шаар силер үчүн казан болбойт, силер анын ичиндеги эт болбойсуңар. Силерди Ысрайылдын чек арасында жазалайм.
12 Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер, анткени менин көрсөтмөлөрүм боюнча жүргөн жоксуңар, чечимдериме карманган жоксуңар,+ тескерисинче, тегерегиңердеги элдердин мыйзамдарына* карманып жүрдүңөр“».+
13 Пайгамбарлык кылып бүтөрүм менен, Бенаянын уулу Пелатия өлдү. Ошондо жүзтөмөндөп жыгылып: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба! Ысрайылдын калган элин кырып таштайсыңбы?» — деп катуу кыйкырып жибердим.+
14 Жахаба мага кайрадан кайрылып, мындай деди:
15 «Адам уулу, Иерусалимдин тургундары сенин бир туугандарыңа — кун төлөп сатып алганга укугу бар бир туугандарыңа — жана бүт ысрайыл элине: „Жахабага жакындабагыла. Бул жер биздики, бизге менчикке берилген“,— деп жатышат.
16 Ошондуктан айт: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Мен аларды алыстагы элдердин арасына кууп жиберсем да, жер-жерлерге чачыратып жиберсем да,+ барган жерлеринде алар үчүн бир аз убакытка ибадаткана болом”“.+
17 Ошондуктан айт: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Мен силерди элдердин арасынан, чачырап кеткен жерлериңерден чогултуп келем, силерге Ысрайыл жерин берем.+
18 Силер кайтып келип, андагы бардык жийиркеничтүү нерселерди жок кылып, ыпылас иштерди токтотосуңар.+
19 Мен силердин жүрөктөрүңөрдү бириктирем*,+ ичиңерге жаңы рух салам.+ Көкүрөгүңөрдөн таш жүрөктү алып,+ эт жүрөк* берем.+
20 Ошондо көрсөтмөлөрүм боюнча жүрөсүңөр, чечимдериме карманып, аларды аткарасыңар. Менин элим болосуңар, мен болсо силердин Кудайыңар болом”“.
21 „Эгедер Теңир Жахаба: “Ал эми жүрөгү жийиркеничтүү нерселерине байланып, ыпылас иштерин таштагысы келбегендерге иштеринин кесепетин тарттырам”,— дейт“».
22 Ошондо керуптар канаттарын көтөрдү, алардын жанында дөңгөлөктөр,+ ал эми үстүндө Ысрайыл Кудайынын даңкы турду.+
23 Анан Жахабанын даңкы+ шаардан көтөрүлүп, шаардын чыгыш тарабындагы тоонун үстүнө барып токтоду.+
24 Кудай ыйык руху аркылуу көрсөткөн аянда рух мени көтөрүп, Каздимде туткунда жүргөн элге алып келди. Ошентип, аян соңуна чыкты.
25 Мен Жахаба көргөзгөндөрдүн баарын туткундагы элге айта баштадым.
Шилтемелер
^ Бул жерде жана 24-аятта колдонулган еврей тилиндеги сөз Кудайдын ыйык рухун же периштени билдириши мүмкүн.
^ Же: «шаарга каршы».
^ Б. а. Иерусалим. Жүйүттөр ал шаарда коопсуз болобуз деп ойлошкон.
^ Же: «чоң казан».
^ Сөзмө-сөз: «өкүмдөрүнө».
^ Сөзмө-сөз: «силерге бир жүрөк берем».
^ Б. а. Кудайдын жетегине баш ийген жүрөк.