Корунттуктарга 1-кат 6:1—20
6 Кимдир бирөөңөрдүн башка бирөөгө дооңор бар болсо,+ соттошуш үчүн эмнеге ыйыктарга* эмес, Кудайдын мыйзамдары боюнча жашабаган сотторго барасыңар?
2 Же ыйыктардын келечекте дүйнөнү соттой турганын билбейсиңерби?+ Эгер силер дүйнөнү соттой турган болсоңор, анда кантип майда-барат иштерди чече албайсыңар?
3 Эмне, периштелерди соттой турганыбызды билбейсиңерби?+ Анда кантип турмуш-тиричиликке байланыштуу маселелерди чече албайсыңар?
4 Чече турган ошондой маселеңер болсо,+ жыйналыштагылар ишеним артпаган адамдарды сот кылып тандайсыңарбы?
5 Муну силерди уяткарыш үчүн айтып жатам. Араңарда боордошторунун ортосундагы маселени чече турган акылдуу эч ким жокпу?
6 Бир тууган болуп туруп бири-бириңер менен соттошконуңар, болгондо да, Кудайдын элинен болбогон соттордун алдына барганыңар кандай?!
7 Чын-чынында, бири-бириңер менен соттошуп жатканыңардын өзү эле жеңилгениңерди билдирет. Соттошкондон көрө, адилетсиздикке чыдаганыңар жакшы эмеспи?+ Соттошкондон көрө, кайсы бир нерсеңерден айрылып калганыңар жакшы эмеспи?
8 Силер болсо кайра өзүңөр башкаларга, болгондо да, бир туугандарыңарга адилетсиз мамиле кылып, алардыкын тартып алып жатасыңар.
9 Же адил эмес адамдардын Кудайдын Падышалыгын мурастабай турганын билбейсиңерби?+ Алданбагыла. Жыныстык адеп-ахлаксыздык* кылып жүргөндөр да,+ бурканга табынгандар да,+ ойноштук кылып жүргөндөр да,+ сойку эркектер* да,+ эркектер менен жатып жүргөн эркектер* да,+
10 уурулар да, ач көздөр да,+ ичимдикти өтө көп ичкендер да,+ башкаларга тил тийгизгендер да, талап-тоноочулар да Кудайдын Падышалыгын мурастабайт.+
11 Кээ бирлериңер мурун ушундай элеңер. Бирок Кудай силерди жууп-тазалап,+ ыйыктады,+ ошондой эле Мырзабыз Иса Машаяк* жана өзүнүн ыйык руху аркылуу адил деп жарыялады.+
12 Менин баарын кылганга укугум бар, бирок баары эле пайдалуу боло бербейт.+ Баарын кылганга укугум бар, бирок бир да нерсенин мени бийлеп алышына жол бербейм.
13 Тамак ашказан үчүн, ал эми ашказан тамак үчүн, бирок Кудай экөөнү тең жок кылат.+ Дене жыныстык адеп-ахлаксыздык кылыш үчүн эмес, Мырзабыздын ишин аткарыш үчүн колдонулушу керек,+ Мырзабыз болсо денеге кам көрөт.
14 Кудай өзүнүн күчү менен+ Мырзабызды тирилткендей эле,+ бизди да тирилтет.+
15 Силердин денеңер Машаяктын дене мүчөлөрү экенин билбейсиңерби?+ Андай болсо, Машаяктын дене мүчөлөрүн алып, сойкунуку менен бириктирмек белем? Эч качан антпейм!
16 Же сойку менен жаткан кишинин аны менен бир* болуп каларын билбейсиңерби? Анткени Кудай: «Экөө бир бүтүн* болот»,— деп айткан.+
17 Ал эми ким Мырзабыз менен бириксе, аны менен бир ойдо* болот.+
18 Жыныстык адеп-ахлаксыздыктан качкыла!+ Адамдын мындан башка күнөөлөрү башкаларга залакасын тийгизет, ал эми жыныстык адеп-ахлаксыздык кылса, ал өз денесине каршы күнөө кылган болот.+
19 Же силердин денеңер ибадаткана сыяктуу экенин,+ анын ичинде Кудайдын силерге берген ыйык руху жашай турганын билбейсиңерби?+ Ошондой эле силер өзүңөргө эмес, Кудайга таандыксыңар,+
20 себеби ал силерди кымбат баага сатып алган.+ Ошондуктан денеңерди Кудайды даңктагыдай+ колдонгула.+
Шилтемелер
^ Сыягы, бул эркек менен жатып, эркектин ролун аткарган эркектерди билдирет.
^ Сыягы, бул эркек менен жатып, аялдын ролун аткарган эркектерди билдирет.
^ Сөзмө-сөз: «Иса Машаяктын ысмы».
^ Сөзмө-сөз: «бир дене».
^ Сөзмө-сөз: «бир дене».
^ Же: «бир рухта».