Насаатчы 9:1—18
9 Мен мунун баары жөнүндө ойлонуп, мындай жыйынтыкка келдим: адил адамдар менен акылмандар да, алардын иштери да чыныгы Кудайдын колунда экен.+ Адам баласы өзүнө чейин жашагандардын сүйүүсүн да, жек көрүүсүн да билбейт.
2 Баарынын акыр-аягы көрөрү бир:+ адил адам менен ыймансыздын,+ жакшы, таза киши менен арам кишинин, курмандык чалган менен чалбагандын көрөрү бир. Күнөөкөр менен жакшы кишинин да, ойлонбой ант берген адам менен ант бергенден этият болгон адамдын да көрөрү бир.
3 Күн астында жасалган бардык иштердин өкүнүчтүүсү бул: баарынын акыр-аягы көрөрү бир болгон соң,+ адам баласынын жүрөгү жамандыкка толгон. Алар өмүр бою акылсыздык кылып жүрүп, акыры көз жумушат!
4 Тирүү жүргөн адамдын үмүтү бар, себеби өлгөн арстанга караганда тирүү ит жакшы эмеспи.+
5 Тирүүлөр өлөрүн билет,+ ал эми өлгөндөр эч нерсе билбейт.+ Аларга эми тиешеси* берилбейт, анткени алар унутулду.+
6 Алардын сүйүүсү да, жек көрүүсү да, кызганычы да жок болду. Күн астында жасалып жаткан иштердин бирине да эми алардын тиешеси болбойт.+
7 Чыныгы Кудай иштериңе ыраазы болгондуктан,+ наныңды кубанып же, шарабыңды шаттанып ич.+
8 Ар дайым ак* кийим кийип, башыңа май сыйпап жүр.+
9 Кудай күн астында сага берген, убаракерчиликке толгон өмүрүңдүн бардык күндөрүндө, убаракерчиликке толгон күндөрүңдүн баарында, сүйгөн аялың менен жашоонун рахатын көр.+ Себеби бул — жашоодогу үлүшүң, күн астында кылган мээнетиңдин үзүрү.+
10 Колуңан келген иштин баарын бүт күчүңдү жумшап кыла бер. Анткени сен бара турган көрдө* жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандык да жок.+
11 Мен күн астында болуп жаткан дагы бир нерсени көрдүм: жарышта дайыма эле шамдагайлар ута бербейт экен, салгылашта дайыма эле күчтүүлөр жеңе бербейт экен,+ акылмандар нанга, түшүнүгү барлар байлыкка,+ билими барлар урмат-сыйга дайыма эле жете бербейт экен.+ Себеби баары күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылат.
12 Анткени адам башына качан кырсык түшөрүн билбейт.+ Балык торго, канаттуу кылтакка түшкөндөй эле, адам баласы да каргашага күтүлбөгөн жерден кабылат.
13 Мен күн астынан акылмандыкка байланыштуу дагы бир нерсени байкадым, бул мага аябай таасир этти:
14 бир чакан шаар бар эле, анда эркектер аз болчу. Кубаттуу бир падыша барып, ал шаарды курчады да, сокку уруш үчүн курулмаларды жасады.
15 Бирок шаардан бир акылман кедей чыгып, акылмандыгы менен шаарды сактап калды. Анткен менен ал кедейди кийин эч ким эстеп да койгон жок.+
16 Ошондо: «Күчкө караганда акылмандык артык.+ Бирок кедейдин акылмандыгы баркка алынбайт, анын сөзүнө кулак кагышпайт»,— деп ойлодум.+
17 Акылсыздардын арасында бийлик жүргүзгөн башкаруучунун кыйкырыгына караганда акылмандардын сабырдуулук менен айткан сөзүн уккан жакшыраак.
18 Курал-жарактан акылмандык артык, бирок бир эле күнөөкөр көп жакшы нерсени бүлдүрүшү мүмкүн.+
Шилтемелер
^ Же: «акысы».
^ Б. а. аза күткөндөгү кийим эмес, жакшы маанайды чагылдырып турган ачык түстөгү кийим.