Жахабанын Күбөлөрү аларга жабылган жалаага эмне үчүн жооп кайтарышпайт?
Жахабанын Күбөлөрү башкалар жалаа жапканда же шылдыңдаганда жооп кайтарышпайт, себеби Ыйык Китепте ошондой кеңеш жазылган. Алсак, бир аятта: «Шылдыңчылды оңдоп-түзөгөн өзү уят болот»,— делет (Накыл сөздөр 9:7, 8; 26:4). Жалган жалаанын айынан талашып-тартышкандан көрө, Кудайга жаккан иштер менен алек болобуз (Забур 119:69).
Албетте, «унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар» (Насаатчы 3:7). Андыктан Кудай жөнүндөгү чындыкты билгиси келген жүрөгү таза адамдардын суроолоруна жооп беребиз. Ал эми маңызсыз талаш-тартыштан алыспыз. Иса Машаяктан жана анын 1-кылымда жашаган шакирттеринен үлгү алгандыктан ушинтебиз.
Исага жалган жалаа жаап Пилаттын алдына алып барышканда да, ал эч нерсе деп актанган эмес (Матай 27:11—14; 1 Петир 2:21—23). Ал сугалак, шарапты жакшы көрөт деп жамандаган адамдарга да жооп берген эмес. Анын ордуна, Ыйык Китептеги: «Адамдын акылдуу экени адил иштеринен көрүнөт»,— деген принципке ылайык иш кылып, кандай киши экенин иштери менен көрсөтө берген (Матай 11:19). Бирок зарыл учурларда аны жаманатты кылгандарга жооп берип, аларды эр жүрөктүк менен ашкерелеген (Матай 15:1—3; Марк 3:22—30).
Иса Машаяк шакирттерин жалган жалаага көңүл бурбай эле коюуга үндөгөн. Ал: «Мен үчүн кордук көрсөңөр, куугунтукталсаңар жана силерге ар кандай жалган жалаа жабышса, бактылуусуңар»,— деген (Матай 5:11, 12). Бирок жалган жалаанын аркасында Кудай жөнүндө кабар айтууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билгендиктен шакирттерин мындай деп ынандырган: «Мен силерге акылмандык берем, айтканга сөз табууга жардам берем. Андыктан каршылаштарыңардын баары биригип да силерге каршы тура албайт, айткандарыңарды жокко чыгара албайт» (Лука 21:12—15).
Элчи Пабыл да Кудайдын кызматчыларын каршылаштары менен талашып-тартышпоого чакырган. Андай талашты ал «пайдасыз, маанисиз» деп сыпаттаган (Тит 3:9; Римдиктер 16:17, 18).
Элчи Петир болсо Кудайдын элин ишенимин коргоого үндөгөн (1 Петир 3:15). Бирок ал муну сөз менен эмес, иш менен кылуу жакшыраак экенин баса белгилеген. Ал Кудайдын кызматчыларынын жакшы иштери «акылсыз адамдардын наадандык менен сүйлөгөн сөздөрүнө бөгөт коёрун» жазган (1 Петир 2:12—15).