Денеге сүрөт түшүрүүгө Кудай кандай карайт?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Денеге сүрөт түшүрүүгө (татуировка) байланыштуу Ыйык Китептин бир эле жеринде, Лебилер 19:28де, айтылат. Ал аяттан Кудайдын өзүнүн элине берген: «Денеңерге сүрөт-жазууларды ийне менен чегип түшүрбөгүлө»,— деген буйругун окуйбуз. Ошол буйрукка ылайык, ысрайыл эли кудайларынын ысымын же символдорун денесине чегип түшүргөн коңшу элдерден айырмаланып турушу керек болчу (Мыйзам 14:2). Бул мыйзам ысрайыл элине берилген болсо да, мыйзамдын негизинде жаткан принцип Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларына да тиешелүү. Андыктан алар буга олуттуу кароого тийиш.
Кудайдын кызматчыларына денесине сүрөт түшүрүүгө болобу?
Ыйык Китептен алынган төмөндөгү аяттар силерге туура чечим чыгарганга жардам берет:
«Аялдар өздөрүн... акыл-эстүүлүк менен... жасалгалашсын» (1 Тиметей 2:9, 10). Бул принцип эркектерге да, аялдарга да тиешелүү. Өзүбүздү жасалгалаганда башкалардын да сезимдерин эске алышыбыз керек, ошондой эле өзүбүзгө өтө эле көп көңүл бурдуруудан качышыбыз керек.
Айрымдар ушундай жол менен өзүнүн көз карандысыздыгын же өзүнүн денесине өзү кожоюн экенин баса белгилеп көрсөткүсү келет. Бирок Ыйык Китепте: «Денеңерди тирүү, ыйык, Кудайга жагарлык курмандыкка бергиле... Ыйык кызматыңарды акыл жөндөмүңөрдү колдонуп аткаргыла»,— деп жазылган (Римдиктер 12:1). Андыктан «акыл жөндөмүңүздү» колдонуп, денеңизге эмне үчүн сүрөт түшүргүңүз келип жатканын ойлонуп көрүңүз. Эгер мода болуп жаткан үчүн эле же кайсы бир топтун мүчөсү болуш үчүн эле каалап жатсаңыз, анда каалооңуздун тез эле өтүп кетиши мүмкүн экенин, ал эми денеңизге түшүрүлгөн сүрөттүн көпкө дейре каларын унутпаңыз. Эмне максат менен ушундай кылгыңыз келип жатканын аныктап алганыңыз сизге туура чечим чыгарганга жардам берет (Накыл сөздөр 4:7).
«Ар бир шашма адам жокчулукка туш болот» (Накыл сөздөр 21:5). Денеге сүрөт түшүрүүнү көптөр адатта көпкө ойлонбой эле, тез эле чечип коюшат. Алар мунун башкалар менен болгон мамилесине, ошондой эле жумушка орношконуна узакка дейре таасир этерин ойлонушпайт. Мындан сырткары, денеге сүрөт түшүрүү кымбатка турарын жана аны кайра өчүрүү да оңой эмес экенин, атүгүл денени оорутарын унутпоо керек. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр жана бүгүнкү күндө денеге чегилген сүрөттөрдү өчүргөндөрдүн ишинин өнүгүп жатканы учурунда денесине сүрөт түшүргөндөрдүн көбү ошенткенине кийин өкүнүп каларын тастыктап турат.