Канткенде туура чечим чыгара алабыз?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Ыйык Китепте туура чечим чыгарганга көмөк кылган эң мыкты жетекчилик камтылат. Ал бизге «акылмандыкка, түшүнүккө ээ болгонго» жардам берет (Накыл сөздөр 4:5). Айрым учурларда кандай чечимибиз туура болорун Ыйык Китептен дароо эле биле алабыз. Ал эми кээде ал бизге жакшы чечим чыгарышыбыз үчүн тек гана багыт көрсөтөт.
Бул макалада:
Туура чечим чыгарганга жардам берген кеңештер
Шашып чечим чыгарбагыла. Ыйык Китепте: «Баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— делет (Накыл сөздөр 14:15). Эгер шашып чечим чыгарсаңар, маанилүү нерселерди көз жаздымыңарда калтырып коюшуңар мүмкүн. Андыктан жети өлчөп бир кесиш үчүн ой калчаганга жетиштүү убакыт бөлгүлө (1 Тесалоникалыктар 5:21).
Чечимдериңерди сезимдерге гана негиздебегиле. Ыйык Китепте дайыма эле жүрөгүбүзгө ишене бербешибиз керектиги эскертилет (Накыл сөздөр 28:26; Жеремия 17:9). Мисалы, ачууланып, кыжырданып, көңүлүбүз чөгүп, чыдамыбыз кетип жатканда же атүгүл аябай чарчап турганда туура чечим чыгара албай калышыбыз мүмкүн (Накыл сөздөр 24:10; 29:22).
Акылмандык сурап тиленгиле (Жакып 1:5). Мындай тиленүүлөр Кудайга жагат. Ал аларга сөзсүз жооп берет. Кудай камкор атадай болуп, балдарынын жамандыкка кабылышын каалабайт. Накыл сөздөр 2:6да: «Акылмандыкты Жахаба a берет, анын оозунан билим менен кыраакылык чыгат»,— делет. Ал ушундай акылмандыкты негизинен өзүнүн Сөзү болгон Ыйык Китеп аркылуу берет (2 Тиметей 3:16, 17).
Маалымат чогулткула. Туура чечим чыгарыш үчүн ишеничтүү маалымат керек. Ыйык Китепте: «Акылдуу адам угуп, көп нерсеге үйрөнөт»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 1:5). Анда пайдалуу жана ишеничтүү маалыматты кайдан табууга болот?
Биринчиден, өзүңөр издеп жаткан маалымат жөнүндө Ыйык Китепте эмне делерин карап көргүлө. Анткени Жаратканыбыз бизге эмне жакшы экенин эң сонун билет. Анын Сөзүндө ишеничтүү, пайдалуу кеңештер камтылат (Забур 25:12). Айрым учурларда Ыйык Китепте мыйзам же буйрук түрүндө так-айкын көрсөтмөлөр берилет (Ышая 48:17, 18). Ал эми көптөгөн башка жагдайларда эмне кылышыбыз керектиги так айтылбайт. Бирок керектүү жетекчиликти камтыган принциптер берилет. Алардын жардамы менен өзүбүзгө жаккандай жакшы чечим чыгара алабыз. Ыйык Китептен керектүү маалымат табыш үчүн ага негизделген макалаларды же адабияттарды окусаңар болот. Аларды бул сайттан b таба аласыңар.
Айрым чечимдерди чыгарардан мурун башка ишеничтүү булактарга да кайрылганыңар жакшы. Мисалы, бир нерсе, өзгөчө, кымбат буюм сатып аларда, ал тууралуу көбүрөөк билгиле. Ал буюмду чыгаргандар тарабынан кандай кепилдик берилерин, кайтаруу шарттары кандай экенин карап чыккыла. Анан, албетте, ошол буюм чынында эле силер каалап жаткан буюм экенин текшергиле.
Ыйык Китепте: «Акылдашпаса, ой-максат ишке ашпайт»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 15:22). Андыктан чечим чыгарганга чейин тажрыйбалуу бирөөлөр менен кеңешип көргөнүңөр жакшы. Маселен, дарыланууга байланыштуу чечим чыгарыш керек болуп жатса, доктурга кайрылганыңар акылдуулукка жатат (Матай 9:12). Ал эми кээ бир учурларда так эле силердикиндей жагдайга кабылгандар менен кеңешсеңер болот. Бирок чыгарган чечимиңердин натыйжасын силер акылдашкан адамдар эмес, өзүңөр көрөрүңөрдү унутпагыла (Галатиялыктар 6:4, 5).
Баарын таразалап көргүлө. Чогулткан маалыматыңардын негизинде кандай чечим чыгарышыңар мүмкүн экенин жана алардын кандай жакшы-жаман жактары бар экенин тизмелеп алгыла. Андан тышкары, чыгарган чечимиңердин кандай кесепеттери болушу мүмкүн экенин чынчылдык менен ойлонуп көргүлө (Мыйзам 32:29). Алсак, чечимиңер жеке силерге, үй-бүлөңөргө же башкаларга кандай таасир этет? (Накыл сөздөр 22:3; Римдиктер 14:19). Эгер ушул сыяктуу суроолордун үстүнөн ойлонуп көрсөңөр жана Ыйык Китептеги принциптерди эске алсаңар, бармагыңарды тиштеп калбагандай чечим чыгара аласыңар.
Чечим чыгарбай жүрө бербегиле. Кээде чечкинсиз болгондуктан чечим чыгарбай жүрө беришибиз мүмкүн. Эгер чечкинсиз болсок, жакшы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберишибиз же жагымсыз жагдайга туш болуп калышыбыз ыктымал. Башкача айтканда, чечим чыгарбай жүрө берүү туура эмес чечим чыгарганга эле тете. Ыйык Китепте бул тууралуу: «Шамалды караган үрөн сеппейт, булутту караган оруп-жыйбайт»,— деп жазылган (Насаатчы 11:4).
Бирок, атүгүл эң жакшы чечим деле эң мыкты болбошу мүмкүн экенин эсиңерден чыгарбагыла. Көбүнчө бирин тандасак, башкасынан кечишибиз керек болот. Андан сырткары, күтүлбөгөн жагдайга кабылышыбыз мүмкүн (Насаатчы 9:11). Андыктан ишеничтүү маалыматты колдонуп, баарынан жакшы натыйжа бере турган чечимди тандагыла.
Чыгарган чечимибизди өзгөртүш керекпи?
Бардык эле чечимдер акыркы чечим болбошу мүмкүн. Себеби жагдай-шартыңар өзгөрүп кетиши же мурда чыгарган чечимиңер силер күтпөгөн кесепеттерге алып келиши ыктымал. Ошондуктан баарын дагы бир жолу таразалап чыгып, өзүңөргө ылайыктуураак келген башка чечимди тандасаңар болот.
Анткен менен айрым чечимдерибизди өзгөртүүгө болбойт (Забур 15:4). Мисалы, Кудай жубайлардын үйлөнгөндө берген антына c бекем турушун күтөт (Малаки 2:16; Матай 19:6). Никеде кыйынчылыктар пайда болгондо, жубайлар көйгөйлөрдөн качпай, аларды чечкенге бүт күчүн жумшашы зарыл.
Эгер туура эмес чечим чыгарып алсам жана аны өзгөртө албасам, эмне кылсам болот?
Баарыбыз тең эле кээде туура эмес чечим чыгарып алабыз (Жакып 3:2, шилтеме). Ошондон улам өзүбүздү күнөөлүү сезип, кылган ишибизге өкүнүшүбүз мүмкүн. Бул табигый эле нерсе (Забур 69:5). Бир жагынан мындай сезимде болгонубуз пайдалуу. Анткени бул каталарыбызды кайталабаганга көмөк кылат (Накыл сөздөр 14:9). Бирок Ыйык Китеп бизди өзүбүздү өтө эле күнөөлөй бербегенге чакырат. Себеби ошенте берсек, тунук ой жүгүртө албай калышыбыз же кайгыга чөгүп кетишибиз ыктымал (2 Корунттуктар 2:7) d. Ыйык Китепте: «Жахаба кайрымдуу жана ырайымдуу»,— деп айтылат (Забур 103:8—13). Андыктан кетирген катаңардан сабак алып, жагдайыңарды жакшыртканга колуңардан келгендин баарын кыла бергиле!
a Ыйык Китепте Кудайдын ысмы Жахаба экени айтылат (Забур 83:18).
b Ошондой эле jw.org сайтындагы «Издөө» деген жерге тапкыңар келген сөздү же сүйлөмдү жазсаңар болот. Бул сайтта көптөгөн темаларга байланыштуу Ыйык Китепке негизделген кеңештер бар. Андан сырткары, Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» «Ыйык Китептеги сөздөрдүн индекси» деген жеринен белгилүү бир сөздү издеп, таба аласыңар.
c Кудай жубайлардын түбөлүккө бирге болушун каалайт. Ал түгөйлөрдүн бири бузуктук кылганда гана ажырашканга жана кайра никеге турганга жол берет (Матай 19:9). Эгер никеде кандайдыр бир кыйынчылыктар туулса, Ыйык Китептеги кеңештер аларды сүйүү жолу менен, акылдуулук менен чечкенге жардам берет.
d Көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Өзүмдү күнөөлүү сезе берем. Эмне кылсам болот?» деген макаланы карагыла.