Шайтан адамдарды башкарышы мүмкүнбү?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Шайтан менен жиндердин адамзатка тийгизген таасири абдан күчтүү. Ыйык Китепте «бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экени» айтылат (1 Жакан 5:19). Ошондой эле Ыйык Китептен Шайтан Ибилистин адамдарга кантип таасир этерин билүүгө болот.
Адаштыруу. Ыйык Китеп бизди «Ибилистин айла-амалдарына каршы турууга» чакырат (Эфестиктер 6:11). Шайтан Ибилистин адамдарды адаштыруу максатында колдонгон айла-амалдарынын бири — өзүнүн «кызматчыларын» Кудайдын кызматчыларындай кылып көрсөтүү (2 Корунттуктар 11:13—15).
Спиритизм. Шайтан адамдарды көзү ачыктар, төлгө тарткандар, бүбү-бакшылар, астрология аркылуу да адаштырат (Мыйзам 18:10—12). Баңгизат колдонуу, гипноз жана адамдын мээсин бардык ойдон бошотууга багытталган медитациянын ар түрдүү ыкмалары да Шайтандын адамды башкарып алышына шарт түзүп коёт (Лука 11:24—26).
Жалган дин. Жалган нерселерге окуткан диндер элди адаштырып, Кудайга жакпаган иштерге түртөт (1 Корунттуктар 10:20). Ыйык Китепте жалган диндердин окуулары «жиндердин окуулары» деп айтылат (1 Тиметей 4:1).
Адамды ээлеп алуу. Ыйык Китепте жиндердин адамдарды ээлеп алган учурлары жазылган. Ошонун айынан айрымдар сокур же дудук болуп калышкан, атүгүл өздөрүнүн денесин өздөрү жабыркатышкан (Матай 12:22; Марк 5:2—5).
Шайтандын таасиринен кантип коргонсо болот?
Шайтандан коркуунун кереги жок. Анткени Ыйык Китепте ага кантип туруштук берсе болору жазылган.
Шайтандын «айла-амалдары... белгилүү» болушу үчүн анын адамдарды адаштырууда колдонгон ыкмаларын көбүрөөк билгенге умтулуңуз (2 Корунттуктар 2:11).
Ыйык Китепти окуп-изилдеп, билгендериңизди иш жүзүндө колдонуңуз. Ыйык Китептеги принциптерди колдонуу сизди Шайтандын таасиринен коргойт (Эфестиктер 6:11—18).
Жиндерге байланыштуу нерселердин баарынан арылыңыз (Элчилер 19:19). Андай нерселерге спиритизмге байланышкан музыка, китептер, журналдар, сүрөттөр жана видеотасмалар кирет.